ТОРТГУЛ АЙЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Торт-Гул айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы
2026-жылы 19-августу № 25
Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Талаа айылынын 125,0 га жер аянтынын башкы планынын долбоорун бекитүү жөнүндө Төрт-Гүл айылдык кеңешинин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесинин 2-бөлүгүнө жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Төрт-Гүл айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-июлундагы №23 «Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Талаа айылы 125,0 га жер аянтынын башкы планы долбоорун бекитүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктундагы «деталдуу пландаштыруу» деген сөздөр алып салынсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун калган жоболору өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн tort-gul.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Н. Артыков