Редакцияот 19.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРТГУЛ АЙЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Торт-Гул айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы

2026-жылы 19-августу  № 26

Төрт-Гүл айыл аймагында көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндөгү Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын 2026-жылдын 17-февралындагы №1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү туралуу” жөнүндө  № 502 токтомун аткарууга алуу жана жайылтуу максатында, Кыргыз Республикасынын  «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык,  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын 2026-жылдын 17-февралындагы № 1 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын.

1-пункт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 502 «Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө» токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Төрт-Гүл айыл аймагында көмүү жайларын брондоонун наркы бир көмүү жайына 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.

  1. Токтомдун аткарууга алуу жайылтуу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановко жүктөлсүн.
  2.  Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн https://tort-gul.gov.kg/ веб-сайтына  жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана  кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага Н.Артыков