Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 20-августу № 70
Исхак-Полотхак айыл аймагынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө болжолдуу тарифтерин бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине негиз, АРИС уюмунун “Баткен жана Талас облустарындагы айылдарды таза суу менен камсыздоо жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында Исхак-Полотхан айыл аймагындагы жети айылда ичүүчү суу системалары курулуп бүткөндүгүнө байланыштуу, Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап чыгып, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Исхак-Полотхан айыл аймагындагы абоненттерине 1 м3 таза суунун тарифи
55(элүү беш) сом ;
2. Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына өткөн Таш-Дөбө айылынын жарандарына 1 м3 таза суунун тарифи 27 (жыйырма жети)сом.
Төрага Г. Матажиев