Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 21-августу № 579
Электр энергиясынын авариялык өчүрүлүшүнүн себептерин аныктоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 16, 18-беренелерине ылайык:
1. Калкты жана өлкөнүн өнөр жай объекттерин электр энергиясы менен камсыздоонун токтотулушуна алып келген энергетикалык жабдуулардын авариялык өчүрүлүшүнүн себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия:
1) 2022-жылдын 25-январында, 2025-жылдын 19-июнунда, 2026-жылдын 6, 10, 23-июнунда, 13, 16-июлунда жана 14-августунда орун алган энергетикалык жабдуулардын авариялык өчүрүлүшүнүн себептерин аныктасын;
2) бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине тиешелүү сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленсин:
1) министрликтердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын тиешелүү адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды (макулдашуу боюнча) өзүнүн ишине тартууга, ошондой эле иш үчүн зарыл болгон маалыматты сурап алууга;
2) өзүнүн ишин жүзөгө ашырууда жабдууларды, имараттарды жана курулмаларды тоскоолдуксуз кароого, ошондой эле зарыл болгон документтер менен таанышууга.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги ведомстволор аралык комиссиянын катчылыгы болуп аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги ведомстволор аралык комиссиянын уюштуруу-методикалык жана башка ишин камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
Калкты жана өлкөнүн өнөр жай объекттерин электр энергиясы менен камсыздоонун токтотулушуна алып келген энергетикалык жабдуулардын авариялык өчүрүлүшүнүн себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
| ||
Апсатаров Азамат Бекбосунович
| – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
|
Нургазиев Улугбек Уланович
| – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн реалдуу секторунун башчысы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
|
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
| ||
Ибраимов Азат Эмильбекович
| – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун директору;
|
Омурбеков Курсантбек Анарбекович
| – | Кыргыз Республикасынын энергетика министринин биринчи орун басары; |
Чолпонбаев Болот Чолпонбаевич
| – | Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары; |
Турсуниязов Амантур Токтобаевич | – | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматынын директору;
|
Турганбаев Кубанычбек Жээналиевич
| – | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Сыдыгалиев Ильгиз Манатбекович
| – | «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директору;
|
Мамыралиев Улугбек Таалайбекович | – | «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун башкы директору;
|
Алимбеков Жаныбек Чимбердиевич | – | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын директору;
|
Султангазиев Бекжан Алманбетович
| – | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору;
|
Сатыбалдиев Нурзат Анарбекович | – | Бишкек шаарынын мэриясынын Отун-энергетикалык комплекси департаментинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Салиев Нияз Эрнисович
| – | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери;
|
Ахметов Улан Русланович
| – | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын курулуш, коммуналдык-эксплуатациялоо жана турак жай- тиричилик камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
|
Кульджигачев Нурлан Турсунбекович
| – | «Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча); |
Адиев Байыш Эрнсович | – | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
|
Татенов Нурсултан Асаевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн реалдуу секторунун эксперти;
|
Дыканбаев Бектурсун Саидбурканович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын контролдоо бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору;
|
Байжан уулу Эльдияр | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын контролдоо бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору;
|
Талканбаев Батырбек Зарылбекович
| – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн инспектору. |