Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июну № 65/XIII-29
Бюджеттин ашыкча аткарылган киреше бөлүгүнөн
акча каражаттарын кайра бөлүштүрүү жөнүндө
Бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиянын чечимин, ошондой эле Кант шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 22-июнундагы № 01-16/4306 Кант шаарынын мэриясынын бюджетинин ашыкча аткарылган киреше бөлүгүнөн 58 518,0 (элүү сегиз миллион беш жүз он сегиз миң) сом өлчөмүндөгү каражатты кайра бөлүштүрүү жөнүндө катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясынын бюджетинин ашыкча аткарылган киреше бөлүгүнөн Кант шаарынын мэриясы төмөнкү бөлүмдөргө ылайык 58 518,0 (элүү сегиз миллион беш жүз он сегиз миң) сом өлчөмүндөгү каражатты кайра бөлүштүрсүн:
- жалпы билим берүү мектептери (ЖБМ) бөлүмү, 3111-берене боюнча 10 000,0 (он миллион) сом өлчөмүндө – Ваккер атындагы жалпы билим берүү мектебинин сырт келбетин оңдоого жана № 4 жалпы билим берүү мектебине тосмо орнотууга;
- турак жай-коммуналдык чарба (ТКЧ) бөлүмү, 3111-берене боюнча 42 887,0 (кырк эки миллион сегиз жүз сексен жети миң) сом өлчөмүндө – Кант шаарынын көчөлөрүн асфальттоого;
- социалдык бөлүм, 2721-берене боюнча 2 210,0 (эки миллион эки жүз он миң) сом өлчөмүндө – Кант шаардык кеңешинин, Кант шаарынын мэриясынын кызматкерлерине жана «Кант-Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө. Анын ичинен Кант шаардык кеңешинин жана Кант шаарынын мэриясынын кызматкерлерине 30,0 (отуз миң) сомдон, ал эми «Кант-Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине 10,0 (он миң) сомдон берилсин;
- Кант шаарындагы жылытуу мезгилине карата даярдык иштерин жүргүзүү үчүн «Кант-Жылуулук» муниципалдык ишканасына 3 431,0 (үч миллион төрт жүз отуз бир миң) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Бейшебаев |