Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-августу № 567
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токой чарбасы чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин натыйжалуу ишин камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 22-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин карамагына тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматы болуп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо:
- 1-пункттагы «, токой чарбасын» деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пункттагы «, токой чарбасын башкаруу» деген сөздөр алып салынсын;
- 9-пункттагы «, токой чарбасы» деген сөздөр алып салынсын;
- 10-пункттун он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 11-пунктта:
1-пунктчанын экинчи абзацындагы «, токой чарбасы» деген сөздөр алып салынсын;
1-пунктчанын жыйырма биринчи, жыйырма экинчи, жыйырма үчүнчү, жыйырма төртүнчү, жыйырма бешинчи жана жыйырма алтынчы абзацтары, 2-пунктчанын отуз экинчи, отуз үчүнчү, отуз төртүнчү жана отуз бешинчи абзацтары, 3-пунктчанын жыйырма биринчи, жыйырма экинчи жана жыйырма үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
5-пунктчанын сегизинчи абзацындагы «, токой чарбасы» деген сөздөр алып салынсын;