Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-августу № 16
Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен лизинге автобус сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Ак-Башат айыл аймагынын калкын транспорттук тейлөөнү жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Респубуликасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын муниципалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдарын жетекчилике алып жана 2026-жылдын 27-августундагы Ак-Башат айылдык кеңешинин протоколунун чечиминин негизинде , Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат :
1. Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысына айыл аймагынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуру жана жакшыртуу максатында, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен ISUZU SAZ HC45 CNG
үлгүсүндөгү эки жүргүнчү ташуучу автобусту сатып алууга макулдук берилсин.
2. Лизингдин мөөнөтү беш жылдан ашпоого тийиш деп белгиленсин.
3. Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ISUZU SAZ HC45 CNG үлгүсүндөгү эки жүргүнчү ташуучу автобусун сатып алуу үчүн финансалык лизинг келишимин түзүүгө уруксат берилсин.
4. Баштапкы төлөмдү жана кийинки лизингдик төлөмдөрдү каржылоо тиешелүү каржы жылына бөлүнгөн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен, бекитилген бюджеттин каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылары белгиленсин.
5. Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы лизингдик уюмду тандоо, келишим түзүү жана сатылып алынган эки жүргүнчү ташуучу автобусту пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылууга тийиш.
6. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| И. С. Рыскулов |