Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгына)
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 329 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервин (мындан ары - кадрлар резерви) түзүү жана иштөө тартибин белгилейт.
2. Кадрлар резерви - бул мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин тиешелүү тармактык багыттары боюнча мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервисттердин) тобу.
3. Кадрлар резервинин максаттары:
1) мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка квалификациялуу адистерди тартуу;
2) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын бош кенже административдик кызмат орундарын өз убагында ээлөө.
4. Кадрлар резервинин милдеттери:
1) мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн резервисттердин тобун түзүү;
2) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана функцияларын кесипкөйлүк менен жана натыйжалуу ишке ашырууга жөндөмдүү кадрларды тандоонун, андан ары окутуунун жана көтөрүүнүн негизинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын сарамжалдуу пайдалануу;
3) резервисттерди тиешелүү кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын тиешелүү бош кызмат орундарына көтөрүү.
5. Кадрлар резервин түзүү принциптери:
1) квалификациялык талаптарга шайкеш келген шартта Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызматка кирүүдө жынысына, расасына, майыптыгынын болушуна, этностук таандыктыгына, туткан динине, саясий же башка ынанымдарына, социалдык же мүлктүк абалына карабастан бирдей мүмкүнчүлүгү;
2) тандоодогу атаандаштык;
3) алуунун ыктыярдуулугу;
4) ачык-айкындуулук, калыстык жана ачыктык.
6. Кадрлар резерви мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан түзүлөт.
2-глава. Кадрлар резервин түзүүнүн тартиби
7. Кадрлар резервине төмөнкүлөр киргизилет:
1) эгерде ушул пунктта башкача белгиленбесе, мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар (мындан ары - кызматчылар);
2) мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кайра уюштурууга, штатты кыскартууга, ден соолугунун абалы боюнча узакка созулган эмгекке жарамсыздыкка байланыштуу кызмат орундарынан бошотулган адамдар;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп берген, кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары;
4) "Акылман" президенттик лицейинин жогорку кесиптик же орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;
6) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөр жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;
7) майыптыгы бар, квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте.
Кирүүнүн өзгөчө (конкурстан тышкары) тартиби белгиленген кызматчылар мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында акыркы кызмат ордунда 6 (алты) ай иштегенден кийин кадрлар резервине киргизилет.
Министрликтерде "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте бош кызмат орундарына дайындалган кызматчылар кадрлар резервине конкурстун жыйынтыгы боюнча киргизилет.
(КР Президентинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 329 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
8. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
1) жогорку билим - мамлекеттик органдар үчүн, жогорку же болбосо орто кесиптик билим - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн;
2) иш стажына талаптар коюлбайт.
9. Кадрлар резервине киргизүүгө конкурс (мындан ары - конкурс) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жарыяланат жана өткөрүлөт.
Конкурс өткөрүү өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:
- конкурстун катышуучуларынын документтеринин тиешелүү кызмат орундарына коюлган талаптарга шайкештигин кароо;
- талапкерлерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда компьютердик тестирлөө;
- аңгемелешүү.
10. Конкурс өткөрүү максатында конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт, анын сандык жана жеке курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
11. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары, комиссиянын төрагасы;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары;
3) мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (макулдашуу боюнча) тарабынан аныкталуучу ошол мамлекеттик органдын (иштин профили боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси (адиси);
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн адистери;
5) 2 (эки) адамдан турган жарандык коомдун же эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, комиссиянын катчысы (добуш берүү укугу жок).
Комиссиянын жок болгон мүчөлөрүнүн ордун алмаштырууга жол берилбейт.
(КР Президентинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 329 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
12. Конкурсту өткөрүү жөнүндө жарыя ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтына (башка жеткиликтүү маалыматтык ресурстарга) же жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырылат.
13. Конкурсту өткөрүү жөнүндө жарыя төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы жана юридикалык дареги;
2) тиешелүү кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар;
3) конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;
4) арыздарды жана документтерди берүү мөөнөттөрү.
Жарыя Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кошумча маалыматтарды да камтышы мүмкүн.
Конкурс зарылчылыкка жараша өткөрүлөт.
14. Конкурска катышууну каалаган адамдар "е-Kyzmat" мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу:
1) өзүнүн кесиптик ишинин жана адистигинин багытын, ошондой эле талапкер эмгек ишин жүзөгө ашырууну пландаган районду (жерди) көрсөтүү менен электрондук форматта өтүнмө берет;
2) Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун ырастайт;
3) мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алгандыгын ырастайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет.
Өтүнмөгө тиркелген сканерленген документтердин тизмеги жана аларга коюлуучу талаптар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Талапкер конкурска катышууга өтүнмө бергенден кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтар базасында ал жөнүндө маалыматтардын бар же жок экендигин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "е-Kyzmat" АМС) аркылуу текшерет.
Көрсөтүлгөн маалыматтар базасында талапкер жөнүндө маалымат чыккан учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу, ошондой эле соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар экендиги тууралуу жана көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча реабилитациялабоочу негиздер боюнча токтотулган кылмыш иши тууралуу маалыматтарды алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине суроо-талап жөнөтөт.
Талапкер берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Эгерде жасалма же анык эмес маалыматтар аныкталса, талапкер конкурска катышуудан четтетилип, кадрлар резервинен чыгарылып жана белгиленген тартипте административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Талапкер конкурс өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде өзүнүн электрондук почтасынын дарегине, ошондой эде "e-Kyzmat" мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында карап турууга милдеттүү.
(КР Президентинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 329 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
15. Ушул Жобого ылайык берилген арыздардын жана документтердин негизинде комиссия талапкерлердин белгиленген талаптарга шайкештиги (же болбосо шайкеш эместиги) жана аларды компьютердик тестирлөөгө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.
16. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди компьютердик тестирлөө тестирлөөнүн катышуучуларынын кесиптик даярдыгынын, квалификациясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү деңгээлин объективдүү жана ачык-айкын баалоо максатында жүргүзүлөт.
17. Тестирлөөнү жүргүзүүнүн объективдүүлүгү шарттардын, убакыттын, жыйынтыктарды эсептөөнүн, тесттердин мазмунунун стандарттуулугу менен камсыз кылынат.
18. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди компьютердик тестирлөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
19. Компьютердик тестирлөөнүн этаптары төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү деңгээлин аныктоо;
2) талапкердин кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү деңгээлин аныктоо боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө жалпы сандын 50 пайызынан кем эмес балл алган талапкерлер талапкердин кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо боюнча компьютердик тестирлөө этабына киргизилет.
Компьютердик тестирлөөнүн форматы, суроолорунун саны, тесттик тапшырмаларга киргизилген ченемдик укуктук актылардын тизмеги, туура жоопторду баалоо методикасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган талапкерлердин жеке сапаттарын жана кесиптик көндүмдөрүн аныктоо үчүн ар кандай методдорду жана инструменттерди (логикалык тест, көп факторлуу психометрикалык тест жана башкалар) колдонушу мүмкүн.
Кесиптик маанилүү жеке сапаттарды аныктоо боюнча компьютердик тестирлөөдө босого балл белгиленбейт.
Кесиптик маанилүү жеке сапаттарды аныктоо боюнча компьютердик тестирлөөдөн өткөндөн кийин талапкерлер аңгемелешүүгө киргизилет.
20. Аңгемелешүү комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө талапкерлердин жеке жана кесиптик сапаттары жана алардын келечектеги иши жөнүндө түшүнүгү, күтүүлөрү, шыктануусу аныкталат.
Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия талапкерди кадрлар резервине киргизүүгө сунуштоо же болбосо анын талапкерлигин четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссиянын ар бир мүчөсү талапкерди кадрлар резервине киргизүүгө сунуштамага "макул" же сунуштамага "каршы" деп гана добуш берет.
Комиссиянын чечими жыйналышка катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Талапкерлер добуштардын бирдей санын алган учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Эгерде жыйналышка комиссиянын курамынын үчтөн экиден кем эмеси катышса мыйзамдуу деп эсептелет.
Конкурстук комиссия тарабынан аңгемелешүүнү жүргүзүүдө аңгемелешүүнү видео жана аудио жазуу жүргүзүлөт.
Аңгемелешүүлөрдүн видео жана аудио жазуулары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда белгиленген тартипте 3 (үч) жыл бою сакталууга тийиш.
21. Конкурстун катышуучусунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча ал катталган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ага аңгемелешүүнүн видео жана аудио жазуусунун ага тиешелүү бөлүгүнүн гана көчүрмөсү берилет же болбосо аңгемелешүүнүн видео жана аудио жазуусунун ал катышкан бөлүгүн көрүү/угуу уюштурулат.
22. Комиссиянын чечимине (актысына) сот тартибинде даттанууга болот.
23. Кадрлар резервине киргизүү үчүн сунушталган талапкерлер конкурстун жыйынтыгы боюнча алган рейтингдик баллдын азаюу тартибинде жайгаштырылат.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча конкурстук тандоодон ийгиликтүү өткөн талапкерлер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен конкурстук комиссиянын чечиминин (актысынын) негизинде 3 (үч) жумуш күндүн ичинде кадрлар резервине киргизилет.
Талапкерлерди кадрлар резервине киргизүү жөнүндө буйрук ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтына жайгаштырылат.