Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 618 токтомуна) «2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү» мамлекеттик программасы 1-глава. Киришүү 1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө инфекциялык эмес оорулар (мындан ары – ЖЭО) маселелерин камтыган мурдагы программалардын алкагында ЖЭО менен ооругандардын жана каза болгондордун көрсөткүчтөрүн төмөндөтүү боюнча прогресс жетишилген. Ошого карабастан, ЖЭО боюнча өлкөдөгү кырдаал дагы эле тынчсыздандырууда. Кыргыз Республикасында, ресурстары чектелүү көпчүлүк өлкөлөрдөгүдөй эле, өнөкөт бөйрөк оорусун (мындан ары – ӨБО) эрте диагностикалоо жана профилактикалоо деңгээлинин жетишсиздиги байкалууда. Системалуу скринингдин жоктугу, калктын маалымдуулугунун төмөндүгү жана тармактык адистердин жетишсиздиги оорунун кеч аныкталышына өбөлгө түзүүдө, бул кымбат баалуу бөйрөктү алмаштыруучу терапияга (мындан ары – БАТ) – диализге жана трансплантацияга болгон муктаждыктын өсүшүнө алып келет. 2025-жылдын майынын аягында өткөн Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 78-сессиясында бөйрөктү оорудан сактоо аркылуу ЖЭОнун оорчулугун кыскартуу жөнүндө резолюция кабыл алынган. Резолюциянын негизги максаты бөйрөк ооруларын алдын алуу жана контролдоо үчүн профилактиканы күчөтүүгө, бөйрөктү оорудан сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатууга жана зарыл кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга чакыруу болгон. Кыргыз Республикасы калктын саламаттыгын натыйжалуу чыңдоо жана ооруларды профилактикалоо, саламаттык сактоо системасынын жана анын кадрдык потенциалынын туруктуулугун жогорулатуу; саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтууну жана социалдык багыттагы медициналык-санитардык кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар шартында ЖЭОну профилактикалоону жана дарылоону кеңейтүү зарылдыгы аркылуу ЖЭОдон мезгилсиз өлүмдү үчтөн бирине азайтуу жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2013–2030-жылдарга ЖЭОнун профилактикалоо жана контролдоо боюнча Глобалдык иш-аракеттер планынын максаттарына жетүү милдеттенмесин аларын ырастаган. ӨБО гипертониясы бар ар бир бешинчи адамда жана кант диабети бар адамдардын 45 %да кездешет деген тенденция белгиленген, ошондой эле ӨБО ар кандай себептерден болгон ар бир онунчу өлүмдө коштоочу фактор болуп саналат жана ЖЭО менен байланышкан оорунун жана өлүмдүн олуттуу үлүшүн шарттайт. 2. «2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү» мамлекеттик программасы (мындан ары – Программа) ӨБО боюнча кырдаалды жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын максатын, милдеттерин жана артыкчылыктарын, ошондой эле медициналык жардам көрсөтүү системасы жаатындагы жаңы артыкчылыктарды аныктайт. 3. Программаны иштеп чыгуу ачык-айкындык шартында жүргүзүлүп, ага мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, эксперттик коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү тартылган. 2-глава. Кыргыз Республикасындагы ӨБО боюнча кырдаалды жалпы талдоо 4. Эл аралык маалыматтар боюнча ӨБОнун таралышы орточо 100 миң калкка 800дөн 1 200 учурга чейин (8–12 %) өзгөрөт. Борбордук Азия өлкөлөрүндө бул көрсөткүч диагностиканын жетишсиздигинин эсебинен көп учурда төмөн жана адатта 100 миң калкка 600–900 чегинде белгиленет. ЖЭО кеңири тараган өлкөлөрдүн катарына кирген Кыргыз Республикасында чоңдор жана балдар арасында жыл сайын ӨБОну аныктоонун көрсөткүчү реалдуу кырдаалды чагылдырбайт. Бул оорунун аныкталышынын төмөндүгү жана калктын тынчсыздануусу менен байланыштуу. Кыргыз Республикасында 2014-жылы көрсөткүч 100 миң калкка 900гө жакынды түзсө, 2024-жылы 100 миң калкка 720га чейин төмөндөгөн, бул акыркы беш жылдын ичинде гемодиализ методу менен БАТка муктаж бейтаптардын саны эки эсеге көбөйгөнүнө туура келбейт. 5. Кыргыз Республикасында ӨБОну адекваттуу контролдоо көйгөйү көбүнчө төмөнкү факторлор менен байланыштуу: 1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО) бөйрөк ооруларын профилактикалоо, аныктоо жана өз убагында диагностикалоо боюнча «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган милдеттенмелерди аткаруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн жетишсиздиги; 2) калктын да, врачтардын да ӨБО жана аны профилактикалоо чаралары жөнүндө маалымдуулугунун деңгээлинин төмөндүгү; 3) социалдык детерминанттарды бөлүштүрүүдөгү теңсиздиктин пайда болушунун тереңдеши (жакырчылык, экономикалык өнүгүүнүн төмөндөшү, эмгек миграциясы, калктын аз маалымдуулугу ж.б.), бул бейтаптардын профилактикалык текшерүүдөн өтүүгө шыктануусунун төмөндүгүнө, өз убагында диагностикалоого жана дарылоого кармануусунун төмөндүгүнө себеп болууда; |