Редакцияот 18.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 18-сентябры № 626

Кыргыз Республикасынын бизнес-чөйрөсү

үчүн иштиктүү этиканын типтүү кодексин жана

коррупциялык тобокелдиктерди баалоо жана

минималдаштыруу боюнча сунуштамаларды

бекитүү жөнүндө

 

Бизнес-чөйрөдө коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу жана Кыргыз Республикасында коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын бизнес-чөйрөсү үчүн иштиктүү этиканын типтүү кодекси (мындан ары – Типтүү кодекс) 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын бизнес-чөйрөсү үчүн коррупциялык тобокелдиктерди баалоо жана минималдаштыруу боюнча сунуштамалар (мындан ары – Сунуштамалар) 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине төмөнкүлөр сунушталсын:

1) Типтүү кодекстин негизинде иштиктүү этиканын ички кодекстерин иштеп чыгуу жана бекитүү;

2) Сунуштамаларды эске алуу менен коррупциялык тобокелдиктерди баалоо жана башкаруу жол-жоболорун киргизүү.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 71 (3831) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев