Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 21-сентябры № 332
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты андан ары чыңдоо жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:
1. 2028-жылы кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына жана орустун атактуу жазуучусу Лев Толстойдун туулган күнүнүн 200 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин (мындан ары – Мамлекеттер аралык уюштуруу комитети) кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин кыргыз бөлүгү 2026-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө тиешелүү иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыксын жана россия тараптын кароосуна берсин.
3. Мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин кыргыз бөлүгүнүн катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар иш-чараларды ишке ашырууда Мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин кыргыз бөлүгүнө ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
5. Бул тескемени ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |
2028-жылы кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына жана орустун атактуу жазуучусу Лев Толстойдун туулган күнүнүн 200 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин кыргыз бөлүгүнүн
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, 2028-жылы кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына жана орустун атактуу жазуучусу Лев Толстойдун туулган күнүнүн 200 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин (мындан ары – Мамлекеттер аралык уюштуруу комитети) кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри, Мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри, Мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин
кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри;