Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 627 токтомуна) Инвестициялык сунуштар жана/же инвестициялык долбоорлор боюнча конкурс өткөрүү тартиби 1-глава. Жалпы жоболор 1. Ушул Инвестициялык сунуштар жана/же инвестициялык долбоорлор боюнча конкурс өткөрүү тартиби (мындан ары – Тартип) «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык даярдалган жана инвестициялык сунуштар жана инвестициялык долбоорлор боюнча ачык конкурс уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт. 2. Инвестициялык сунуштар жана инвестициялык долбоорлор боюнча конкурс уюштуруу жана өткөрүү мамлекеттик орган жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (мындан ары – долбоордун демилгечиси) тарабынан конкурстук комиссия түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Инвестициялык сунуштар жана инвестициялык долбоорлор боюнча конкурстук комиссиянын (мындан ары – конкурстук комиссия) ишин уюштуруучулук-техникалык жана башка камсыздоо конкурстук комиссияны түзгөн долбоордун демилгечисине жүктөлөт. 3. Конкурстун катышуучулары болуп мамлекеттик органдарга жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына конкурска катышуу үчүн өтүнмө берген потенциалдуу инвесторлор саналат. 4. Ушул Тартипти колдонуу максатында төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат: инвестициялык сунуш – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан даярдалган, инвестициялоо объекти, аны ишке ашыруунун негизги шарттары жөнүндө маалыматты камтыган жана инвестицияларды тартуу үчүн потенциалдуу инвесторлорго сунушталуучу документ; инвестициялык долбоор – конкреттүү объектке инвестицияларды ишке ашырууну караган, долбоордун максаттарын, көлөмдөрүн, мөөнөттөрүн, каржылоо булактарын, күтүлүүчү натыйжаларын жана аны ишке ашыруунун башка шарттарын аныктаган өз ара байланышкан иш-чаралардын жана документтердин комплекси; инвестициялык сунуштун жана инвестициялык долбоордун демилгечиси (долбоордун демилгечиси) – инвестициялык сунушту жана инвестициялык долбоорду иштеп чыккан же бекиткен, инвестициялоо объектин аныктаган, инвесторду тандоо боюнча конкурсту уюштурган жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде инвестициялык келишимдин тарабы катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы; баалоо методу – конкурстун жеңүүчүсүн тандоо максатында инвестициялык долбоорлорду салыштыруу үчүн ыкмалардын жана жол-жоболордун жыйындысы; товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө техникалык тапшырма – аткаруучу аткарууга милдеттүү болгон товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө коюлуучу милдеттердин жана талаптардын тизмегин камтыган документ. Зарыл болгон учурда техникалык тапшырманын талаптарында төмөнкүлөр баяндалат: 1) товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата документтер; 2) техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр; |