Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-сентябрындагы № 600 токтомуна )
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк
жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды
каттоо тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын аймагында келген жери боюнча каттоо жол-жобосу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
2. Каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуусун эсепке алууну жана контролдоону камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылат.
3. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Атайын эл аралык коргоодон пайдаланган, өзгөчө статусу Кыргыз Республикасында таанылган чет өлкөлүк жарандарды каттоо тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (мындан ары – ТМЭБС) аркылуу жүзөгө ашырылат:
– болуу жерине карабастан, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кайсы болбосун аймактык бөлүмдөрүндө;
– «Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо» сайтында же мобилдик тиркеме аркылуу.
Каттоого арыз берген учурда арыз ээсине ТМЭБСте катталган катар номер ыйгарылат.
«Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо» сайтына кирүү мүмкүнчүлүгү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан операторлордун ыйгарым укуктарынын деңгээлине жараша аныкталат.
Кабыл алуучу тарап үчүн «Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды электрондук каттоо» сайтында «жеке кабинетти» пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган, анда мурда каттоо үчүн берилген уставдык жана башка документтер, ошондой эле кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты боюнча мурда катталган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтар сакталат.
Кабыл алуучу тарап алынган жеке маалыматтарды коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык бардык зарыл болгон техникалык жана уюштуруучулук чараларды сактайт.