Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ХIII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 02-февралы №01
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына кирген, “Сайдыкум айыл өкмөтүнө атайын таштанды ташуучу техника сатып алуу долбоорун, Жалал-Абад облусттук Өнүктүрүү фонду мекемеси сунуштоо жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, программасына кирген, Сайдыкум айыл өкмөтүнө атайын таштанды ташуучу техника сатып алуу долбоорун. Жалал-Абад облусттук Өнүктүрүү фонду мекемеси сунуштоо боюнча, “Сейдикум-Тазалык” МИ жетекчиси Т.Эшалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
токтом кылат:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык экономикасын өнүктүрүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасындагы иш планындагы, Сайдыкум айыл өкмөтүнө атайын таштанды ташуучу техника сатып алуу долбооруна сунушталган коммерциялык сунуштардын жана тийиштүү документтеринин негизинде даярдалсын.
2. Сайдыкум айыл өкмөтүнө атайын таштанды ташуучу техника сатып алуу долбоорунун, демилгечи топтун чогулушунун протоколунун чечими менен сунушталган жумушчу топтун курамы бекитилсин.
3. Сайдыкум айыл өкмөтүнө атайын таштанды ташуучу техника сатып алуу долбоордук өтүнмөдө көрсөтүлгөн Жалал-Абад облусттук өнүктүрүү фонду аркылуу долбоордун жалпы наркы 3 500,0 миң (үч миллион беш жүз миң) сом же болбосо каржылоонун 71,4% ын Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду мекемесинен грантык негизде 2 500,0 миң (эки миллион беш жүз миң) сомун ал эми калган 14,3% ын Сайдыкум айыл өкмөтүнөн 500,0 миң (беш жүз миң) сом, 14,3 % “Сейдикум-Тазалык” МИ 500,0 миң (беш жүз миң) сомдук сатып алуу жумуштары өз убагында Манас шаардык өнүктүрүү фонду мекемесинен грантык негизде алуу үчүн долбоор даярдалып сунушталсын
4. Сайдыкум айыл өкмөтүнө атайын таштанды ташуучу техника сатып алуу долбооруна тийиштүү документтерин даярдоого кеткен чыгымдарды, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары бөлүнүп берилген 14,3% ын Сайдыкум айыл өкмөтүнөн 500,0 миң (беш жүз миң) сом, 14,3 % “Сейдикум-Тазалык” МИ 500,0 (беш жүз миң) сом төлөп берилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
|
Б.Анарбаев |