Редакцияот 24.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кабыл алынган датасы

2026-жылдын 24-сентябры № 715-VIII

Кыргыз Республикасынын Президентин

кезектеги шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 132-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м   к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоо (мындан ары – шайлоо) 2027-жылдын 27-январына шаршемби күнгө дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоону эркин, адилеттүү жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылсын;

2) шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун;

3) шайлоону өткөрүүдө аралыктан добуш берүүнү колдонууну камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык бөлсүн;

2) шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү үчүн жайларды кайтаруу, алардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу, шайлоо документтерин ташуучу транспорт каражаттарын коштоо жана кайтаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

3) Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын так тизмелерин түзүү үчүн реестрдин маалыматтарын тактоо боюнча чараларды көрсүн;

4) шайлоочуларды реалдуу убакыт (онлайн) режиминде идентификациялоо тутумун өркүндөтүү, ошондой эле байланыш каналдарын уюштуруу жана иштөөсү боюнча чараларды көрсүн;