Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
02.02.2026-жыл №4
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Сайдыкум айылдык кеңештин 2024-жылдын 17-декабрындагы IX чакырылышынын кезектеги II сессиясынын №11-токтому менен бекитилген Сайдыкум айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого негиз, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Жолдошов Теңирберди Раимбердиевичге Сайдыкум аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга, калктын жашоо-турмуш деңгээлин көтөрүүгө багытталган иш-аракеттери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн төмөнкү атуулдарга Сайдыкум айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын: 1. Жолдошов Теңирберди Раимбердиевич; 2. Жээнбаев Кайымбек Адашбаевич; 3. Жайчиева Калийпа Ажибаевна.
2. “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу үчун төш белгилерди жасатууга кеткен акча каражатын камсыз кылып берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
Төрага |
Б.А.Анарбаев
|