Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 18-августу № 93
Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинин киреше жана чыгаш бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жергиликтүү бюджеттерге 2026-жылдын 7 айынын киреше бөлүгүнүн такталган планына өзгөртүүлөр киргизилип, Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинин киреше бөлүгү 19 000,0 миң сомго көбөйтүлгөн. Ошондой эле мэрия тарабынан 2026-жылдын башында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттар бөлүгүнө киргизүү үчүн 2 долбоор сунушталып, колдоого алынган. Анын негизинде жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттар бөлүгүнө 7 774 991 сом акча каражаты келип түшүү күтүлүүдө. Кадамжай шаардык мэриясынын кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кадамжай шардык кеңеши токтом кылат:
1. Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинин киреше бөлүгү 19 000,0 миң сом болуп көбөйтүлүп, чыгаша бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Шаардык мэриянын 3111 статьясына - 12 984 247 сом
- ММБнын 3111 статьясына – 13 790 744 сом.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
3. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Дастиров