Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 18-августу № 94
№ 1 “Данек” балдар бакчасынын 2026-жылдын 17-июлундагы “Балдарга жагымдуу шарт түзүү үчүн балдар бакчасынын бассейинин оңдоого жана отургучтарды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү” кайрылуусу
№ 1 “Данек” балдар бакчасынын 2026-жылдын 17-июлундагы “Балдарга жагымдуу шарт түзүү үчүн балдар бакчасынын бассейинин оңдоого жана отургучтарды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү” кайрылуусун угуп, талкуулап, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шаардык кеңеш токтом кылат:
1. № 1 “Данек” балдар бакчасынын бассейинин оңдоого жана отургучтарды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен сметага ылайык акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
3. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет. 5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Дастиров