Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-августу № 6-НПА
«Бишкек» эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкы
дирекциясынын (Улуттук көргөзмө борборунун)
отканасын жер участогу менен муниципалдык
менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоо маселелерин натыйжалуу жана оперативдүү чечүү максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 «Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 528 «Бишкек» эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкы дирекциясынын отканасын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун аткаруга алып, токтом кылам:
1. Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспекти, 303 дарегинде жайгашкан «Бишкек» эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкы дирекциясынын (Улуттук көргөзмө борборунун) отканасын аянты 0,39 га жер участогу менен Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык менчик башкармалыгы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын контролдоо жана уюштуруу иштери башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 15-сентябрында https://www.bishkek.gov.kg/assets/uploads/files/1789449460.pdf расмий сайтында жарыяланды
Бишкек шаарынын мэри | А.Дж. Джунушалиев |