Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-августу № 576
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 22-февралындагы № 80 «2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 80 «2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планында:
– 4-пункттун 4.4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 6-пунктта «I кварталы» деген сөздөр «IV кварталы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 7-пунктта:
7.1, 7.2, 7.4, 7.8-пунктчаларда «СӨМ» деген аббревиатура «КРПИБ» деген аббревиатурага алмаштырылсын;
7.3, 7.6, 7.7-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
7.5-пунктчада «2026-жылдын III кварталы», «СӨМ» деген сөздөр жана аббревиатура тиешелүү түрдө «2027-жылдын I кварталы», «КРПИБ» деген сөздөргө жана аббревиатурага алмаштырылсын;
– 10-пункттун 10.2-пунктчасында «СӨМ» деген аббревиатура «КРПИБ» деген аббревиатурага алмаштырылсын;
– кыскартуулардын тизмесинде:
он төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй маазмундагы абзац менен толукталсын: