Загрузка документа…
Рейддик салык контролун жүргүзүү
жана материалдарын тариздөө тартиби жана максаты
1-глава. Жалпы жоболор
1. Рейддик салык контролун жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби жана максаты (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51, 59, 60, 127–130, 132–136, 345, 346-беренелерине, «Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө», «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө», «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) жазма буйрук – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча рейддик салык контролун жүргүзүүгө укук берүүчү документ, ал ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу таризделет;
2) кызматкер – белгиленген тартипте берилген жазма буйруктун негизинде рейддик салык контролун жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы;
3) субъект – уюштуруу-укуктук формасына, иштин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына карабастан экономикалык иш жүргүзгөн жана/же салык салуу объекттери бар жеке жак, жеке ишкер, уюм, обочолонгон бөлүм;
4) субъекттин жооптуу адамы – субъект менен эмгек мамилелеринде болгон же субъекттин кызыкчылыгында белгилүү иш-аракеттерди аткарган (анын ичинде келишим боюнча) жеке жак;
5) х-отчет – отчет түзүү учурунда нөөмөттүк эсептешүү операцияларынын жыйынтыгынын орто аралык отчету (өчүрүлбөгөн контролдук кассалык машинанын (мындан ары – ККМ) контролдук чеги);
6) орто аралык жана/же жыйынтыктоочу отчет – товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун фискалдык программалык каражаттары аркылуу түзүлүүчү, белгилүү бир убакыт мезгилине акы төлөөгө көрсөтүлгөн документтердин суммалары боюнча маалыматты камтыган отчет;
7) z-отчет – нөөмөттү жабуу операциясын жүргүзүүдө түзүлүүчү нөөмөттүк эсептешүү операцияларынын жыйынтыгынын отчету (өчүрүлгөн ККМдин контролдук чеги);
8) рейддик салык контролунун акты (мындан ары – РСК акты) – ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча рейддик салык контролунун жыйынтыктары таризделүүчү документ;
9) мүлктү убактылуу алып коюу акты (мындан ары – мүлктү алып коюу акты) – ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча таризделүүчү, алып коюлган мүлк жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн документ;
10) тоскоолдук көрсөтүү акты – ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча таризделүүчү кызматкердин жана/же салык кызматынын органынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо факты көрсөтүлгөн документ;