Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-августу № 27/126
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги №24/106 “Кызыл-Кыя шаарынын Мажакипов-3 көчөсүнүн атын өзгөртүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум Эртабылды Борубаевдин ысымын, Кызыл-Кыя шаарынын “Северная” көчөсүнүн атын өзгөртүп, маркум Эргеш ажы Мадалиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине таянып, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 13-августундагы №31 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы, токтом кылат:
1. Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги №24/106 “Кызыл-Кыя шаарынын Мажакипов-3 көчөсүнүн атын өзгөртүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум Эртабылды Борубаевдин ысымын, Кызыл-Кыя шаарынын “Северная” көчөсүнүн атын өзгөртүп, маркум Эргеш ажы Мадалиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө” токтомунун 1-пунктуна өзгөртүү киргизилип төмөндөгүдөй окулсун: “Кызыл-Кыя шаарына караштуу Мажакипов-3 көчөсүнүн башкы көчөлөрүнөн сырткары туюк көчөлөрүнүн аты өзгөртүлүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум Эртабылды Борубаевдин ысымы ыйгарылсын”.
2. Кызыл-Кыя шаарынын аймагында мындан ары көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө чектөө киргизилсин.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Мурзаев