Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 26-августу № 298
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын
20-февралындагы № 46 «Республиканын көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыгына
өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-июнундагы № 202 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоонун жана ардак наамдарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоонун жана ардак наамдарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобонун 91-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 20-февралындагы № 46 «Республиканын көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– «Баткен облусу боюнча:» деген бөлүмдө «Мурзалиева Турдугүл Адуллаевна» деген сөздөр «Мурзаева Турдугуль Абдуллаевна» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул Жарлыктын 1-пункту 2012-жылдын 20-февралынан тартып күчүнө кирет деп белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |