Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги он сегизинчи сессиясы
2026-жылдын 21-августу № 43
Орозбеков айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34.39-беренелерине жана Орозбеков айылдык кеңешинин 2025-жылдын 1-августундагы №26 токтому менен бекитилген «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө» Жобого негиз Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Орозбеков айыл аймагынын социалдык-экономикалык, маданий өнүгүшүнө, билим берүү, саламаттыкты сактоо, инфраструктураны жакшыртуу тармагына кошкон өзгөчө салымын, узак жылдар бою кылган ак ниет эмгегин баалоо жана жаштарга дем берүү максатында төмөнкү жарандарга Орозбеков айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
1.1. Мансуров Ысманали Мансурович 1.2. Доорова Саламат 1.3. Калмуратова Асилхан 1.4. Нурмаматов Турсун 1.5. Айдарова Пазилет Айдаровна 1.6. Асамидинов Айдарали 1.7. Саламов Сабыр 1.8. Баатырова Зиядахан Пазыловна 1.9. Матисаев Шавкатбек Амиракулович
2. “Ардактуу атуул” күбөлүгү кызыл түстө болуп, ичинде толук дарек, күбөлүктүн номери, жарандын аты жөнү, айылдык кеңештин токтомунун номери, кабыл алынган датасы жазылат.
-Лентасы кызыл түстө болуп, “Орозбеков айыл аймаыгынын ардактуу атуулу” жазуусу жазылат.
-“Ардактуу атуул” төш белгисинин жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу, ылдыйкы бөлүгүндө герби түшүрүлүп, айланасында Орозбеков айыл аймагынын Ардактуу атуулу жазуусу жазылат.
3. «Ардактуу атуул» күбөлүгүн, төш белгисин жана тасмасын салтанаттуу кырдаалда тапшырууну уюштуруу Орозбеков айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Тиешелүү чыгымдар (төш белги, күбөлүк даярдоо ж.б.) жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
5. Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн orozbekov.gov.kg расмий веб-сайтында жарыялансын.
6. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин этика, мыйзамдуулук жана адам укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Каримов