Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-августу № 594
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу мунай продуктуларын эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу үчүн убактылуу атайын визасыз тартипти белгилөө жөнүндө
Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнүн калкын күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасына мунай продуктуларын эл аралык автомобилдик ташууну жүзөгө ашыруучу жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын айдоочулары болуп саналган Кытай Эл Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасына кирүүнүн жана болуунун убактылуу атайын визасыз тартиби белгиленсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын аймагына мунай продуктуларын жеткирүү жана түшүрүү үчүн кирген учурда көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, бирок кирген учурдан тартып беш суткадан ашпаган мөөнөткө кирүүнүн жана болуунун визасыз тартибин колдонот деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдо белгиленген убактылуу атайын визасыз тартипти эске алуу менен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүшүн камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кытай Эл Республикасынын компетенттүү органдарына ушул токтомдо белгиленген атайын визасыз тартип жөнүндө маалымат берүүнү камсыз кылсын.
5. Ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жалпы талаптары колдонулат.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 4-сентябрындагы № 66 (3826) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |