Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-августу № 582
Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 491 «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жободо:
жогоруда аталган Жобонун тиркемесинде:
– 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Кыргыз Республикасынын жарандары, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден келген Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүргөн жана мыйзамдуу негизде эмгектенгендердин үй-бүлө мүчөлөрү, мигранттардын жана жарандыгы жок адамдардын балдары, адамдарды сатуудан жабыр тарткан балдар, качкындар, Кыргыз Республикасында баш калка издеген адамдар, кайрылмандар жана «Мекен-карт» болгон учурда чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештер үчүн ММК полисинин наркы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
«41. Кыргыз Республикасына кыска мөөнөттүү мезгилге эл аралык конференцияларга, семинарларга катышуу үчүн келген, кызматтык иш сапарларда жүргөн чет өлкөлүк жарандар үчүн ММК полисинин наркы – бул 1 календардык ай үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдүн өлчөмү.»;
– 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуган чет өлкөлүк адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасына кыска мөөнөттүү мезгилге эл аралык конференцияларга, семинарларга катышуу үчүн келген, кызматтык иш сапарларда жүргөн чет өлкөлүк жарандар үчүн ММК полисинин наркы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
ПН = ОАЭА – төмөнкүлөр үчүн:
– чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар х 2 % х 6 же 12 ай;
– Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуган чет өлкөлүк адамдар х 2 % х 12 ай;