Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын “26” августу № 69/XXI – 1
Панфилов райондук аймактык шайлоо комиссиясынын жана Кайыңды шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, ошондой эле Панфилов райондук аймактык шайлоо комиссиясынын жана Кайыңды шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын жана резервдерин калыптандыруу максатында, Кайыңды шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Панфилов райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталган талапкерлердин тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кайыңды шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине сунушталган талапкерлердин тизмеси 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом бекитилген тиркеме жана тиешелүү документтер менен бирге белгиленген тартипте каттоодон өткөрүү жана андан ары бекитүү үчүн Панфилов райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Н. Капалов |
|
| Кайыңды шаардык кеңешинин 2026-жылдын 26-августундагы №69/XXI-1 токтомуна 1-тиркеме
|
Панфилов райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталган талапкерлердин тизмеси
1. Бектенова Саадат Рысбековна
2. Кеңешова Айдай Талдыбековна
|
| Кайыңды шаардык кеңешинин 2026-жылдын 26-августундагы №69/XXI-1 токтомуна 2-тиркеме
|
Кайыңды шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине сунушталган талапкерлердин тизмеси
№7383 УШК сы
1. Садырбаева Гулбайра Маматибраимовна
№7384 УШК сы
1. Темирбекова Жамиля Темирбековна
2. Аманбекова Эркинай Саматовна
3. Бейшенбекова Жылдыз Бейшенбековна
№7385 УШК сы
1. Толоева Райила Талибакуновна
2. Тезекбаева Айгуль Калыбековна