Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 24 сессиясы
2026-жылдын 28-августу № 58
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы №815 токтому менен «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулган жалпы аянты 150,0 га жер тилкесинин ичинен көп кабаттуу турак жай куруу үчүн каралган 27 913 (жыйырма жети миң тогуз жүз он үч) чарчы метр жер тилкесин максаттуу пайдалануу маселесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы №815 токтому менен «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулган жалпы аянты 150,0 га жер тилкесинин ичинен көп кабаттуу турак жай куруу үчүн каралган 27 913 (жыйырма жети миң тогуз жүз он үч) чарчы метр жер тилкесин көп кабаттуу турак жай курууга макулдук берилсин.
2. Белгиленген жер тилкесинде көп кабаттуу турак жай куруу боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын жер, шаар куруу, архитектура жана курулуш жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык уюштурсун.
3. Көп кабаттуу турак жай куруу иштери бекитилген башкы планга, деталдуу пландаштыруу долбооруна, архитектуралык-пландоо шарттарына, долбоордук-сметалык документацияга жана мыйзамдарда белгиленген тиешелүү мамлекеттик органдардын корутундуларына ылайык жүргүзүлсүн.
4. Жер тилкесине укук берүү, курулушка тиешелүү уруксат берүүчү документтерди тариздөө жана объектти курууга байланыштуу башка укуктук аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага Т.Галботоев