Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 24 сессиясы
2026-жылдын 28-августу № 59
Айыл тургундарынын коопсуздугунун алдын алуу жана жол кырсыктарын болтурбоо максатында жолго атайын ылдамдыкты азайтуу үчүн бөгөттөрдү коюу жөнүндө
Айыл тургундарынын, мектеп окуучуларынын жана мектепке чейинки балдардын жол коопсуздугун камсыз кылуу, жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, З.М. Бобур атындагы жалпы билим берүү мектебинин директорунун кайрылуу катын, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, А.Масалиев атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Дөбө жана Көн айылдарынын тургундарынын, З.М. Бобур атындагы жана А. Орозбеков атындагы жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын, ошондой эле «Нур» балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын жол коопсуздугун камсыз кылуу, жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, Кара-Дөбө жана Көн айылдарындагы жолдордун 4 жерине атайын ылдамдыкты азайтуучу бөгөттөрдү (жол дөңсөөлөрүн) орнотууга макулдук берилсин.
1. Атайын ылдамдыкты азайтуучу бөгөттөрдү орнотуу иштери Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча колдонуудагы мыйзамдарынын жана тиешелүү ченемдик талаптардын негизинде, жол кыймылын уюштуруучу жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу аркылуу жүргүзүлсүн.
2. Атайын ылдамдыкты азайтуучу бөгөттөр орнотулуучу жерлер аныкталып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуучу тиешелүү жол белгилерин орнотуу жана зарыл болгон башка чараларды көрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Т.Галботоев