Редакцияот 30.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Төрагасынын

тескемеси

 

2026-жылдын 30-сентябры № 637

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 22-январындагы № 30 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

жогоруда аталган тескеме менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 387 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган реформаларды андан ары ишке ашыруу жөнүндө" Жарлыгынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамында:

- курамдан Баетов Аяз Батыркулович чыгарылсын;

- курамга Айылчиев Алмаз Асимович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары статусундагы Кыргыз Республикасынын юстиция министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары болуп киргизилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев