Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-августу № 33
Баткен шаарынын 2026 - жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттинин кээ бир бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27–берененин 3-пункту, 34-беренесинин 2-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине, Баткен шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 20-августундагы №01-12 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет, инвестиция, салык жана жеңил өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарынын мэриясынын 2026-жылга каралган чыгымдарынын сметасынын 2215 “ар түрдүү чыгымдар” беренеси 899,1 миң сомго кыскартылсын, 2211 “Сапар чыгымдар” статьясы 300,0 миң сомго 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” статьясы 296,0 миң сомго 3112 “ Машиналар жана жабдуулар” беренесине 248,7миң сомго, 2222 “Сатып алуулар” беренесине 19,3 миң сомго, баары болуп 899.1 миң сомго көбөйтүлсүн.
2.Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2026-жылга каралган сметасынын 2215 “ Ар түрдүү каражаттар” беренесинен 7 315,4 миң сом өлчөмүндөгү каражат кыскартылсын, 3111 “Имараттар жана курулуштар” беренесине 5665,4 миң сомго, 2222 “Сатып алуулар” беренесине 1 450,0миң сомго, 2211 “Сапар чыгымдар” 200,0 миң сомго баары болуп 7315,4 миң сомго көбөйтүлсүн.
3.Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш бөлүмүнүн 3111 “Имараттар жана курулмалар” беренеси 5104,6 миң сомго кыскартылып, Баткен шаарынын алдындагы муниципиалдык автобаза ишканасынын 2111 “Эмгек акы” беренесине 1002,6 миң сом, 2211 “Сапар чыгымдар” беренесине 50,0 мин сом, аскер комиссариатынын 2111 “Эмгек акы” беренесине 237,6 миң сом, муниципиалдык менчик департаментинин 2111 “Эмгек акы” беренесине 1373,4 миң сомго. “Нур” реаблитациялык борборуна 2111 “Эмгек акы” беренесие 2440,8 миң сомго баары болуп 5104,6 миң сомго көбөйтүлсүн.
4.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
5.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет, инвестиция, салык жана жеңил өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Р.Орозбаев/ тапшырылсын.
Төрага
А.Аширов