Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-августу № 35
Баткен шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндөгү магистралдык каналдын күн чыгыш тарабындагы 2,2 га КБФнын жерин башка жерге алмаштырууга жана ал жерге “эс алуу жайы” (сквер) жана веложол курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27– беренесинин 2, 10-беренелерине Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуникация, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 17-августундагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндөгү магистралдык каналдын күн чыгыш тарабында жайгашкан, КБФга тиешелүү 2,2 га жер участогун башка жерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Баткен шаарынын аймагындагы башка жер участогуна алмаштырууга жана ал жерге “эс алуу жайы” (сквер) жана веложол курууга макулдук берилсин. 2. КБФга тиешелүү аталаган 2,2 га жер участогун шаар аймагындагы башка жер участогуна алмаштыруу боюнча тиешелүү жер участогун аныктоо, макулдашууларды жүргүзүү жана зарыл болгон документтерди мыйзамда белгиленген тартипте уюштурууну Баткен шаарынын мэриясына /С.Кулубаев/ тапшырылсын. -Аталган жер участогуна “эс алуучу жай” сквер жана веложол куруу долбоору кезектеги сессияга сунушталсын.
3.Ушул токтом Баткен шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Ушул токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуникация, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ тапшырылсын.
Төрага
А.Аширов