Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-августу № 36
Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгынын аймагында социалдык обьектилерди куруу үчүн каралган жалпы аянты 21,0 га жер участогунун ичинен “Унаа” мамлекеттик мекемесине 1,77 га жер участогун бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамалекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-берененин 2-пунктуна, 34-берененин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” 2002-жылдын 15-мартындагы №37 Мыйамынын 19-беренесине, Баткен шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 18-августундагы №01-12/5102 катынын беренелерине Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуникация, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 17-августундагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгынын аймагында социалдык обьектилерди куруу үчүн каралган жалпы аянты 21,0 га жер участогунун ичинен “Унаа” мамлекеттик мекемесине аянты 1,77 га жер участогун бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Ушул токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуникация, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ тапшырылсын.
Төрага
А.Аширов