Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-августу № 37
Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын жана “Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө жобосун жаңы редакцияда кабыл алуу жөнүндө” Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын №69 токтомунун, Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу (Регламент, этика жана депутаттык мандат) маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 17-августундагы корутундусуна ылайык, Баткен шаардык Кеңшинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы токтом кылат:
1. Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы төмөнкү атуулдарга ыйгарылсын:
Баткен шаарында калктын саламаттыгын сактоо тармагында кошкон жеке салымдары үчүн Баткен шаарынын тургуну, Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы кызматынын дарыгеринин орун басары - Жунусалиев Дыканали;
-Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын “сакайтма бөлүмүнүн” башчысы Идирисова Уулжан.
2. Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылгандыгы шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Ушул токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ч.Ахмедовага тапшырылсын.
Төрага
А.Аширов