Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-августу № 38
Баткен шаарындагы билим берүү мекемелеринин, балдар-бакчаларынын жаңы окуу жылына карата материалдык-техникалык базасынын даярдыгы жана күз-кышка карата даярдыгынын маалыматын угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө Мыйзамына, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышында бекитилген Иш регламентине жетекчиликке алып, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматын жана Баткен шаардык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 19-августундагы корутундусун карап чыгып, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жаңы окуу жылына карата материалдык-техникалык базасынын даярдыгы ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө маалыматы эске алынсын (мааламаттар тиркелет).
-Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн, балдар бакчаларынын базасына керектүү болгон каражаттарды камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү жогорку органдардан суралсын.
-Билим берүү мекемелерин зарыл болгон материалдар менен камсыз кылуу маселесин чечүү, анын ичинде инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
-2026-2027-жаны окуу жылына карата, шаардын борбордук негизги көчөлөрүндө жайгашкан кээ бир социалдык обьектилердин (тиркемеге ылайык) сырткы короо-жайын, көрктөндүрүү жана жакшыртуу жагы (1-ноябрга чейинки мөөнөттө) Баткен шаарынын мэриясына /Кулубаев С/ тапшырылсын.
2.Ушул токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Ушул токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баткен шаардык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына /Абдинаби у С/ тапшырылсын.
Төрага
А.Аширов
Баткен шаардык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезектеги
XVI сессиясынын №38 токтомуна
№__ тиркеме
Билим берүү тармагындагы иштер: Бүгүнкү күндө Баткен шаарында 11 мамлекеттик мектеп (анын ичинде 2 башталгыч жана 2 жатак мектеп), №57 кесиптик лицей, 6 жеке менчик мектеп иш алып барууда. Жалпы окуучулардын саны 9617ни түзөт. Мамлекеттик мектептерде 8821 окуучу 527 мугалимден билим алса, жеке менчик мектептерде 1265 окуучуга 87 мугалим билим берүүдө. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 6 бала үйдөн окутуу программасы менен билим алууда.
Мектепке чейинки билим берүү тармагында 6 мамлекеттик, 6 жеке менчик жана 8 үй тибиндеги бала бакча иштеп, анда жалпы 2025 бала тарбияланууда.
2025-2026-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча билим сапаты 55,1 пайызды түздү.
Предметтик олимпиаданын шаардык этабына 291 окуучу катышып, алардын ичинен 35 окуучу облустук этапка жолдомо алды. Облустук этапта 13 окуучу жеңүүчү болуп, анын ичинен 8 окуучу республикалык олимпиадага катышты. Республикалык олимпиадада Баткен облустук жатак мектебинин окуучусу Аскарбек кызы Асема III орунду камсыз кылды. Олимпиаданын катышуучуларына жана жеңүүчүлөрүнө Баткен шаарынын мэриясы тарабынан жол чыгымдары жана акчалай сыйлыктар бөлүндү.
ЖРТга 440 бүтүрүүчү катышып, орточо көрсөткүч 136,17 баллды түздү. Баткен облустук жатак мектебинин окуучулары Акматова Сезимай 239 упай жана Муратова Айзирек 230 упай алып «Алтын сертификаттын» ээси болушту. Жалпысынан шаар боюнча 33 окуучу 200дөн жогору упай топтоду. Мэрия тарабынан жогорку көрсөткүчкө жетишкен окуучуларга жана мектептерге жалпы 325 миң сом өлчөмүндө сыйлыктар тапшырылды.
Мектептердин көрсөткүчтөрүн талдоодо төмөнкү жыйынтыктар белгилеп өтсөк болот.
- Баткен облустук жалпы билим берүү жатак-мектеби эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, 100% катышууну, 180,70 орточо упайды, 96,51% билим сапатын, 25 окуучунун 200дөн жогору упай алышын жана 2 Алтын сертификатты камсыз кылды. Бул шаардагы эң мыкты жыйынтык болуп эсептелет.
- Жеке менчик «Тенсай-Багыт» билим берүү комплекси дагы жогорку көрсөткүч көрсөтүп, орточо 153,60 балл, билим сапаты 100%, ал эми 4 окуучу 200дөн жогору упай алды.
- «Баткен-Ыйман» мектебинде орточо упай 140,80 болуп, билим сапаты 80% түздү.
- Мамлекеттик жалпы билим берүү мектептеринин ичинен эң жогорку орточо көрсөткүчтү В.И.Ленин атындагы мектеп (130,42 балл) көрсөтсө, андан кийин С.Айтматов атындагы мектеп (129,90 балл), Айтпай Имаров-Кызыл-Топу мектеби (128,40 балл) жана Ж.Бөкөнбаев атындагы мектеп (128,17 балл) орун алды.
- №57 кесиптик лицейинде орточо көрсөткүч 107,35 балл болуп, башка билим берүү мекемелерине салыштырмалуу эң төмөнкү көрсөткүч катары катталды.