Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 644 токтомуна)
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фонду жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фонду жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык жергиликтүү коомчулуктардын демилгелерин жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржылоо тартибин аныктайт.
2. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фонду (мындан ары - фонд) жергиликтүү кеңештин чечими менен аныкталган жергиликтүү бюджеттин каражаттарын билдирет, алар жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын курамында каралат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органынын аймагында жашаган же турган жеке жана юридикалык жактардын демилгеси боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн долбоорлорду каржылоого багытталат.
3. Фонддун максаты жергиликтүү коомчулукту социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга, жарандардын жашоосунун сапатын жакшыртууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө, шаардын/айыл аймагынын жашоочуларынын социалдык биримдигин чыңдоого жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган долбоорлорду колдоо болуп саналат.
4. Фонд өзүнүн ишин мыйзамдуулук, ачыктык, ачык-айкындуулук, жергиликтүү коомчулуктун алдында айкындык жана отчеттуулук, жергиликтүү бюджеттин каражаттарын максаттуу, сарамжалдуу пайдалануу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде жүргүзөт.
5. Фонддун каражаттары долбоордук өтүнмөлөрдү алдын ала тандоо боюнча комиссиянын чечимине ылайык конкурстук негизде берилет.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (мындан ары - ЖӨБ) органы фонддун каражаттарын башкы тескөөчү болуп саналат.
7. Фонддун каражаттары жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин, анын ичинде жарандык, жаштардын жана мектеп демилгелерине жумшалат.
8. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) жарандык демилгелер - коомдук маанидеги проблемаларды чечүү, жашоо сапатын жакшыртуу жана жарандык коомчулукту бекемдөө үчүн жарандар тарабынан демилгеленген долбоорлор;
2) жергиликтүү коомчулуктун демилгечи тобу (демилгечи топ) - жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фондунун эсебинен каржылануучу долбоорду ишке ашырууда жалпы кызыкчылык менен бириккен кызыкдар жеке жана юридикалык жактардын тобу;
3) жаштардын демилгелери - жаштардын өкүлдөрү тарабынан демилгеленген, анын потенциалын ачууга жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышууга көмөк көрсөтүүчү долбоорлор;
4) коомдук маанидеги долбоорлор - коомдук муктаждыктарды канааттандырууга багытталган, жергиликтүү коомчулук үчүн оң таасир тийгизген долбоорлор;
5) долбоор - демилгечи топ тарабынан сунушталган жана белгиленген мөөнөттө каржылоонун бекитилген көлөмүнүн чегинде ишке ашырылуучу, тиешелүү аймактын жашоочулары үчүн коомдук пайдалуу натыйжага жетүүгө багытталган өз ара байланышкан иш-чаралардын комплекси;
6) долбоордук өтүнмө - ушул Жободо каралган эрежелерге ылайык жергиликтүү коомчулуктардын демилгелерин тандоого катышуу үчүн демилгечи топ тарабынан ЖӨБ органына берилүүчү документтердин комплекти;
7) жарандардын жыйналыштары (чогулуштары) - сунушталган демилгелерди биргелешип талкуулоо жана ошол же башка маселелер боюнча өзүнүн пикирин ЖӨБ органдарына берүү менен тиешелүү аймактын жашоочуларынын жергиликтүү коомчулуктун жашоо-тиричилигине байланышкан маселелерди чечүүгө түздөн-түз катышуу формасы;
8) мектептин демилгелери - жалпы билим берүү уюмдарынын (мектептердин) окуучулары тарабынан окуу процессин камсыз кылуу жана мектептин инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн демилгеленген жана мектептин жетекчилигинин атынан фондуна сунушталган долбоорлор.
2-глава. Фонддорду түзүү жана иштөө тартиби
9. Фонд юридикалык жак статусуна ээ эмес.
10. Фонд жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде түзүлөт.
11. Фонддун каражаттарынын жалпы көлөмү жыл сайын тиешелүү жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин жалпы көлөмүнөн жергиликтүү кеңештин чечими менен каралат.
Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү коомчулукту социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын артыкчылыктарына ылайык фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоонун артыкчылыктуу багыттарын аныктоого укуктуу.
12. Эгерде алар жергиликтүү бюджеттин курамына киргизилсе, эл аралык жана башка уюмдардын, ыктыярдуу кайрымдуулуктардын каражаттарынын эсебинен фонддун каражаттарынын көлөмүн көбөйтүүгө уруксат берилет.
Мындай каражаттарды жергиликтүү бюджеттердин курамына киргизүү Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары менен аныкталат.
13. Долбоорлорду каржылоо жергиликтүү бюджетти аткаруу тартибине ылайык бюджеттик классификациялоо элементтери боюнча чыгымдарды кошуу менен жүргүзүлөт.
14. Фонддун каражаттарынын эсебинен каржыланган объекттер муниципалдык менчиктин объекттери болуп саналат. Бул объекттерди башкаруу Кыргыз Республикасынын муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөт.
15. Фонддун эсебинен билдирилген долбоорду ишке ашырууга байланышпаган чыгымдарды (өтүнмө ээси тарапка эмгек акыны же башка сый акыны төлөө, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө, салыктарды, жыйымдарды төлөө, кредиттер жана зайымдар боюнча милдеттенмелерди төлөө жана тейлөө) каржылоого уруксат берилбейт.
16. Төмөнкү долбоорлор каралбайт:
1) долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну талап кылган;
2) долбоор каржылоонун кошумча булактарын тартуу менен ишке ашырылуучу учурларды кошпогондо, наркы жергиликтүү кеңештин чечими менен белгиленген чектүү суммадан ашкан;
3) аларды ишке ашыруу ЖӨБ органынын компетенциясына кирбеген;
4) айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизген.
17. Долбоорлор боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жол-жоболору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
18. Кезектеги бюджеттик жылга бюджет жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилгенден жана фонддун каражаттарынын өлчөмдөрү аныкталгандан кийин ЖӨБ органы өзүнүн расмий сайтында, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органынын аймагында жашаган же турган жашоочуларга долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуу жөнүндө маалымдайт.
19. Кийинки жылга өтүнмөлөрдү берүү башталган мөөнөт ушул жылдын 1-майынан кечиктирбестен белгиленет.
20. Кийинки жылга өтүнмөлөрдү берүү аяктаган мөөнөт ушул жылдын 31-августунан кечиктирбестен белгиленет.
21. ЖӨБ аткаруу органы жана жергиликтүү кеңештин депутаттары коммерциялык эмес уюмдардын жана жергиликтүү активисттердин колдоосу менен фонддун иштөө эрежелери жөнүндө маалыматтык өнөктүктү уюштурат жана демилгечи топторду түзүүгө көмөк көрсөтөт.
22. Демилгечи топ ушул Жобонун 1-тиркемесинде берилген форма боюнча долбоордук өтүнмөнү иштеп чыгат.
23. Демилгечи топ долбоордук өтүнмөнү ЖӨБ аткаруу органында каттайт. Каттоо формасы ушул Жобонун 2-тиркемесинде берилген.
24. Демилгечи топ төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ЖӨБ органынан жана подрядчыдан долбоорду даярдоонун жана ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты сурап алууга;
2) долбоорду ишке ашыруу процессинде мониторинг жүргүзүүгө;
3) долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө коомчулукка маалымдоого;
4) долбоорду даярдоодо жана ишке ашырууда ЖӨБ аткаруу органы менен макулдашуу боюнча башка аракеттерди аткарууга.
25. ЖӨБ аткаруу органы долбоорлорду каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин 30 (отуз) календардык күндүн ичинде долбоорду ишке ашыруу пландалган аймакта жергиликтүү коомчулуктун жарандарынын жыйналышын (чогулушун) уюштурат.
26. Долбоор жарандардын жыйналышында (чогулушунда), эгерде ага жыйналышка (чогулушка) катышкандардын көпчүлүгү добуш берсе, жактырылды деп эсептелет.
27. Жарандардын жыйналышында (чогулушунда) жактырылган тизме протокол менен таризделип, ЖӨБ аткаруу органына жөнөтүлөт жана коомдук маалымдоонун ар түрдүү булактары аркылуу жарыяланат.
28. ЖӨБ аткаруу органы жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин түзүүнүн жана илгерилетүүнүн, ошондой эле долбоорлорду алдын ала тандоонун башка методдорун өз алдынча аныктоого укуктуу.
Негизги шарт болуп жарандардын максималдуу маалымдалышы жана долбоордук өтүнмөлөрдү тандоо процессине катышуусу эсептелет.
29. ЖӨБ органы маалымдоо методдору катары кошумча электрондук добуш берүүнү, коомдук талкуулоону, санариптик платформаларды, онлайн сурамжылоону жана ЖӨБ органдары тарабынан аныкталган башка формаларды колдоно алышат.
30. Долбоорду ишке ашыруу ЖӨБ органынын ыйгарым укуктарына жана бюджеттик жол-жоболорго ылайык келбесе, ЖӨБ аткаруу органы долбоорду өзгөртүү боюнча өзүнүн сунуштарын киргизүүгө укуктуу.
Мындай учурда демилгечи топ долбоорлорду каттоо аяктаган күндөн тартып 5 (беш) календардык күндүн ичинде аныкталган сын-пикирлерди жоюп, долбоордук өтүнмөнү ЖӨБ аткаруу органына кайрадан киргизүүгө укуктуу.
31. ЖӨБ аткаруу органы долбоорлорду баалоо жана акыркы тандоо үчүн курамында кеминде 3 (үч) адам болгон комиссияны түзөт жана төраганы дайындайт.
Комиссиянын ишине төмөнкү адамдардын катышуусу милдеттүү болуп саналат:
1) ЖӨБ аткаруу органынын өкүлү;
2) жергиликтүү кеңештин депутаты;
3) коммерциялык эмес уюмдун өкүлү.
32. ЖӨБ аткаруу органынын жетекчиси комиссиянын иш тартибин бекитет.
33. Долбоорлорду алдын ала тандоо боюнча комиссияны түзүүдө ЖӨБ аткаруу органы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 779 "Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун айрым маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагындагы долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө жобонун ченемдерин колдоно алат.
34. Долбоорлорду тандоо баалоонун негизинде жүргүзүлөт, ал комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан критерийлерге ылайык балл түрүндө коюлат. Баллдар менен критерийлердин тизмеси ушул Жобонун 3-тиркемесинде берилген.
35. Комиссиянын төрагасынын чечими менен долбоорлорду баалоо боюнча комиссиянын жыйналышын онлайн режиминде өткөрүүгө жол берилет.
36. Ар бир долбоор үчүн бардык комиссия мүчөлөрүнүн баалоо баракчаларынын негизинде конкреттүү долбоорго карата орточо баллдын мааниси аныкталат. Баалоонун негизинде 50 жана андан жогору балл алган долбоорлор аныкталат. "Эң жогорку баллдан төмөнкүгө карай" принциби боюнча долбоорлордун рейтинги түзүлөт.
37. Комиссия рейтингдин негизинде эң көп балл топтогон жана жалпы бюджети фондго каралган бекитилген көлөмдөн ашпаган долбоорлорду аныктайт.
38. Комиссия тандалган долбоорлордун тизмесине баалоо рейтингинде кийинки орундарды ээлеген резервдик долбоорлорду киргизүүгө укуктуу. Резервдик долбоорлордун саны комиссия тарабынан аныкталат. Бул резервдик долбоорлор тандалган долбоорлор ишке ашпай калган учурда зарыл.
39. Долбоорлорду бекитүү жөнүндө комиссиянын чечими комиссияга катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыккан учурда комиссиянын төрагасынын пикири чечүүчү болуп саналат. Долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын чечиминин протоколу ЖӨБ аткаруу органынын жетекчисине кароого жана жактырууга жөнөтүлөт.
40. ЖӨБ аткаруу органынын жетекчиси комиссиянын чечими менен жактырылган долбоорлордун тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укугу жок. Комиссия тарабынан ушул Жобонун талаптарын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурда ЖӨБ аткаруу органынын башчысы бузууларды оңдоонун зарылдыгы жөнүндө комиссияга маалымдайт же болбосо конкурсту токтотуу жана жаңы конкурс өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат.
41. Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси ЖӨБ аткаруу органынын сайтына жарыяланат (техникалык мүмкүнчүлүк болгондо), ошондой эле маалымат такталарына же башка коомдук маалымдоонун башка булактарына жайгаштырылат.
42. Бекитилген долбоорлор боюнча тиешелүү техникалык жана финансылык документтерди даярдоону колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен ЖӨБ аткаруу органы ишке ашырат.