Редакцияот 01.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 1-октябры № 752-т

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-майындагы № 254 «2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын демографиялык саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын демографиялык саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Демографиялык саясат боюнча кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Демографиялык саясат боюнча кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Демографиялык саясат боюнча кеңештин катчылыгы болуп аныкталсын.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев