Редакцияот 01.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

1-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 1-октябрындагы № 752-т

тескемеси менен бекитилди)

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу

Демографиялык саясат боюнча кеңештин

курамы

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кеңештин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Кеңештин төрагасынын орун басары.

 

Кеңештин мүчөлөрү:

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн социалдык секторунун башчысы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары;

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы өкүлү (макулдашуу боюнча);

Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун (ЮНФПА) Кыргыз Республикасындагы өкүлү (макулдашуу боюнча).