Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-августу № 583
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 23-майындагы № 365 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду» мамлекеттик мекемесин «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти» мамлекеттик мекемесине кошуу жолу менен кайра уюштуруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду» мамлекеттик мекемесин «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти» мамлекеттик мекемесине кошуу жолу менен кайра уюштуруу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти жөнүндө жободо:
– 14-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча мамлекеттик капиталдык салымдардын каражаттарынын эсебинен каржылануучу жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жалпы пайдалануудагы эмес автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча иштерди аткаруу;»;
5-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
«– транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча мамлекеттик капиталдык салымдардын каражаттарынын эсебинен каржылануучу жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жалпы пайдалануудагы эмес автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча иштерди аткаруу;».
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |