Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-августу № 589
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 «Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу
«Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин ишке ашыруу максатында, «Энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 «Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:
– 3-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме «Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 3-тиркеме |
1-глава. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын
пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн тарифтин чектик деңгээли
1. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн тарифтин чектик деңгээли 4,42 сом/кВтс өлчөмүндө же чет өлкө валютасында таблицага ылайык көрсөтүлгөн өлчөмдөрдө белгиленет.
№ | Валюта | Чен бирдиги | Тарифтин чектик деңгээли |
1 | Кыргыз сому | сом/кВт с | 4,42 |
2 | АКШ доллары | доллар/кВт с | 0,05 |
3 | Россия рубли | рубль/кВт с | 4,0 |
4 | Кытай юаны | юань/кВт с | 0,36 |
Эскертүү: 2–4-пункттарда көрсөтүлгөн тарифтердин өлчөмдөрү таблицанын 1-пунктунда көрсөтүлгөн тарифтин өлчөмүнө барабар деп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат.
2-глава. Отун-энергетикалык комплекс чөйрөсүндө
белгиленүүчү электр энергиясына болгон тарифтер