Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна )
2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия
1-глава. Киришүү
2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия (мындан ары – Стратегия) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнүн финансы системасын криминалдык коркунучтардан коргоо, ошондой эле мамлекетти туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында иштелип чыккан стратегиялык пландоонун фундаменталдуу тармактык документи болуп саналат.
Документ Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын (2026-жылдын 3-апрелиндеги № 09-8714) аткаруу максатында, «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары – КИК/ККЛК жөнүндө Мыйзам) 4-беренесинин талаптарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясын ишке ашыруу боюнча комплекстүү иш-чаралар планынын алкагында иштелип чыккан.
Стратегиянын стратегиялык вектору кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары – КИК/ККЛК) улуттук системасын эл аралык стандарттардын негизинде комплекстүү өркүндөтүүнүн объективдүү зарылдыгы менен шартталган. Кыргыз Республикасында кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин улуттук баалоонун (мындан ары – ТУБ) жана тобокелдиктерди сектордук баалоонун (мындан ары – ТСБ) натыйжалары Стратегиянын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо үчүн негиз болду.
Акчаларды адалдоого каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобунун (мындан ары – ФАТФ) тобокелдиктерди баалоо жана тобокелдикке багытталган мамилени (мындан ары – ТБМ) колдонуу бөлүгүндөгү 1-сунуштамасына ылайык, ар бир мамлекет өзүнүн өзгөчө тобокелдиктерин аныктоого, баалоого жана түшүнүүгө, ошондой эле аларды азайтуу боюнча чараларды жалпы мамлекеттик деңгээлде координациялоого милдеттүү. Ушуга байланыштуу Стратегия Кыргыз Республикасы ТБМди колдонорун жана ресурстарды ТУБ жана ТСБ жүрүшүндө аныкталган кыйла критикалык коркунучтардын алдын алууга максаттуу топтой тургандыгын далилдеген негизги жана институционалдык инструментарий катары чыгат.
Документти иштеп чыгуунун актуалдуулугу криминогендик чөйрөнүн трансформацияланышы: гибриддик коркунучтардын пайда болушу, финансылык агымдардын ыкчам санариптештирилиши жана улуттук системанын мыйзам базасынын формалдык техникалык шайкештигинен укук колдонуунун жогорку практикалык натыйжалуулугун камсыз кылууга өтүү зарылдыгы менен шартталган. Финансылык чалгындоо органынын, укук коргоо түзүмдөрүнүн, сот органдарынын, көзөмөлдөөчү ведомстволордун жана жеке сектордун максаттарын бирдиктүү чара көрүү механизмине интеграциялоо негизги чакырык болуп саналат. Стратегия мамлекеттик органдардын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү чараларынын андан аркы интеграциясын жана координацияланышын камсыз кылууга багытталган.
Мындан тышкары натыйжалуу ички координацияны жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү түзүү ФАТФтин бардык он бир түздөн-түз натыйжалары (мындан ары – ТТН) боюнча жогорку натыйжалуулукка жетишүү үчүн зарыл институционалдык базаны түзөт. Бирдиктүү ички стратегиянын болушу сапаттуу эл аралык кызматташтыкты камсыз кылуу (2-ТТН) үчүн гана эмес, тобокелдикке багытталган натыйжалуу көзөмөлдү (мындан ары – ТБК) түзүү жана алдын алуу чараларын колдонуу (3-ТТН жана 4-ТТН) үчүн фундаменталдуу шарт болуп саналат. Стратегияда камтылган комплекстүү мамиле бенефициардык ээлер жөнүндө маалыматтын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу (5-ТТН), параллелдүү финансылык териштирүүлөрдү жүргүзүүдө, кылмыш куугунтуктоосунда жана кылмыштуу кирешелерди конфискациялоодо финансылык чалгындоо органын натыйжалуу пайдалануу (6-ТТН, 7-ТТН жана 8-ТТН), ошондой эле терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды жайылтууга каршы аракеттенүүнүн алкагында максаттуу финансылык санкцияларды (мындан ары – МФС, активдерди тоңдуруу) өз убагында колдонуу (9-ТТН, 10-ТТН жана 11-ТТН) үчүн зарыл.
Стратегия ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2018-жылдагы өз ара баалоо жөнүндө отчетунда белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча иштин логикалык уландысы болуп саналат жана КИК/ККЛК улуттук системасын проактивдүү өнүктүрүүгө багытталган.
Аны ишке ашыруунун алкагында процесстерди санариптик трансформациялоо жана автоматташтыруу, виртуалдык активдер (мындан ары – ВА) секторун жөнгө салуу, бенефициардык ээлердин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана милдеттүү түрдө параллелдүү финансылык териштирүүлөр практикасын толук масштабдуу киргизүү, ошондой эле көмүскө экономиканын деңгээлин жалпы төмөндөтүү боюнча алдын алуучу чараларды ишке ашыруу сыяктуу системалык артыкчылыктарга өзгөчө көңүл бурулат.