Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна )
2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуу ишти каржылоого
жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча чаралар планы (Жол картасы)
Чаралар планы (Жол картасы) 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары – КИК/ККЛК) боюнча мамлекеттик стратегияны (мындан ары – План) практикалык ишке ашыруу механизми болуп саналат. Документ «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомунун базасында иштелип чыккан.
Бул Пландын стратегиялык максаты – улуттук экономиканы криминалдык капиталдан коргоону камсыз кылуу жана Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (мындан ары – ЕАТ) өз ара баалоолорунун 3-раундунан ийгиликтүү өтүү. Акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобунун (мындан ары – ФАТФ) 40 сунуштамасы боюнча техникалык шайкештиктин «Олуттуу шайкештик» (LC – Largely Compliant) деңгээлинен төмөн эмес жана ФАТФтин 11 Түздөн-түз натыйжалар (ТТН) боюнча натыйжалуулуктун «Олуттуу» (SE – Substantial Effectiveness) деңгээлинен төмөн эмес деңгээлине жетишүү максаттуу багыт болуп саналат.
Бул План алты компонент боюнча түзүлгөн: милдеттер, чаралардын толук тизмеси, ишке ашыруу мөөнөттөрү, индикаторлор/күтүлүүчү натыйжалар, жооптуу аткаруучулар жана ишке ашырууга каражаттар.
Пландын аткарылышын контролдоону Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жүзөгө ашырат. Жооптуу мамлекеттик органдар квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына иш-чаралардын аткарылышынын прогресси жана толук эмес аткарылуу тобокелдиктери жөнүндө толук отчетту берүүгө милдеттүү.
Пландын иш жүзүндөгү натыйжалуулугун баалоо 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун индикаторлор матрицасына негизделет, ал Мамлекеттик стратегиянын максаттары жана ушул Пландын түзүмү менен логикалык түрдө интеграцияланган. Күтүлүүчү натыйжаларга өз убагында жетишүү улуттук системанын төмөнкүдөй максаттуу макрокөрсөткүчтөрүнүн аткарылышын камсыз кылат:
– ФАТФтин 40 сунуштамасы боюнча техникалык шайкештикке жетишүү;
– корпоративдик ачык-айкындуулук деңгээлин (бенефициардык ээлердин (мындан ары – БЭ) реестринин аныктыгы, фиктивдүү компанияларды жоюу) жана виртуалдык активдер (мындан ары – ВА) секторунун ачык-айкындуулук даражасын жогорулатуу;
– отчет берүүчү субъекттерди тобокелдикке багытталган мамиленин (мындан ары – ТБМ) негизинде текшерүүлөр менен максималдуу пайыздык камтуу;
– кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) (мындан ары – ККЛ) үчүн автономдуу териштирүүлөрдүн жана айыптоо өкүмдөрүнүн санын көбөйтүү, ошондой эле камакка алынган, конфискацияланган жана репатриацияланган активдердин жалпы көлөмүн максималдаштыруу;
– ведомстволор аралык санариптештирүүнү жана комплекстүү статистиканы киргизүүнүн эсебинен көмүскө экономиканын деңгээлин жана накталай жүгүртүүнүн үлүшүн төмөндөтүү динамикасы;
– эл аралык ведомстволор аралык кызматташтыктын далилденген натыйжалуулугу жана кадрдык потенциалдын сапаттык өсүшү.
Бул Пландын толук масштабдуу имплементацияланышы улуттук системанын өлчөнүүчү жана далилденген натыйжалуулук режимине өтүшүн камсыз кылат, бул юрисдикцияны ФАТФтин «боз тизмесине» кирүү тобокелдиктерин жокко чыгарат.