Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2026-жылдын 23-сентябрындагы
№ 99 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун (мындан ары – “Кол чогултуу” АМТ) багытын, максаттарын, милдеттерин, иштөө тартибин жана пайдаланууга коюлган негизги талаптарды аныктайт.
1.2. “Кол чогултуу” АМТ Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди (мындан ары – Президенттин кызмат ордуна талапкер) колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу, эсепке алуу, сактоо жана иштеп чыгуу процесстерин автоматташтырууга багытталган мамлекеттик маалыматтык тутум болуп саналат.
1.3. “Кол чогултуу” АМТ шайлоочуну авторизациялоо жана тандаган талапкерин колдой турганын билдирүү жолу менен “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун электрондук чогултууну камсыз кылат, ошондой эле талапкерлерге жана Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына чогултулган колдор жөнүндө маалыматтарды кароо жана кол коюу барактарын түзүү мүмкүнчүлүгүн берет.
“Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында катталуу жана аны андан ары пайдалануу жарандын жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугу бар болгондо жүзөгө ашырылат. “Түндүк” порталы аркылуу берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаран өзүнүн жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдук берген шартта жүзөгө ашырылат.
1.4. “Кол чогултуу” АМТ колдорду борборлоштурулган электрондук эсепке алууну, кол коюу баракчаларын түзүүнү, отчётторду даярдоону, ошондой эле ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү инфраструктурасы аркылуу мамлекеттик маалыматтык тутумдар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
1.5. Ушул Жобо “Кол чогултуу” АМТны эксплуатациялоого жана коштоого катышкан анын бардык колдонуучуларына жайылтылат.
2. “Кол чогултуу” АМТнын иштөөсүнүн укуктук негиздери
2.1. “Кол чогултуу” АМТ Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык иштейт.
3. “Кол чогултуу” АМТнын максаттары жана милдеттери
3.1. Төмөнкүлөр “Кол чогултуу” АМТны түзүүнүн жана эксплуатациялоонун негизги максаттары болуп саналат:
- Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу электрондук чогултуу;
- кол коюу барактарын иштеп чыгуу мөөнөттөрүн кыскартуу;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- катталган колдор жөнүндөгү маалыматтардын борборлоштурулуп сакталышын камсыз кылуу.
3.2. Көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн “Кол чогултуу” АМТ:
- Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун электрондук чогултууну;
- “Э-Талапкер” маалыматтык тутумунан катталган талапкерлер жөнүндөгү маалыматтарды алууну;
- жарандын мыйзамдарда белгиленген куракка жеткенин автоматтык түрдө текшерүүнү;
- бир эле шайлоочунун бир эле талапкерди колдоп, кайталап кол коюусуна жол бербөөнү;
- колдорду автоматтык түрдө эсепке алууну жана саноону;
- кол чогултуу барактарын түзүүнү;
- статистикалык жана аналитикалык отчётторду түзүүнү камсыздайт.
4. “Кол чогултуу” АМТнын негизги функциялары
4.1. “Кол чогултуу” АМТ төмөнкү функцияларды аткарууну камсыз кылат:
- талапкерлер жөнүндөгү маалыматтарды жүргүзүүнү;
- шайлоочулардын электрондук колдорун каттоону;
- катталган колдорго иреттик номерлерди автоматтык түрдө ыйгарууну;
- кол койгон шайлоочулар жөнүндөгү маалыматтарды сактоону;
- ар бир талапкер боюнча колдордун санын автоматтык түрдө саноону;
- белгиленген кирүү укуктарына ылайык колдор жөнүндөгү маалыматтарды кароону;
- кол коюу барактарын электрондук түрдө түзүүнү;
- кол коюу барактарын PDF форматында жүктөөнү;
- талапкерлер жана чогултулган колдордун саны боюнча отчётторду түзүүнү;
- колдонуучулардын аракеттеринин журналдарын жүргүзүүнү.
4.2. Кол коюу барактары түзүлгөндөн жана жүктөлгөндөн кийин тиешелүү талапкерди колдогон колдорду андан ары чогултуу мүмкүнчүлүгү бөгөттөлөт.
5. “Кол чогултуу” АМТнын катышуучулары жана алардын ыйгарым укуктары
5.1. Төмөнкүлөр “Кол чогултуу” АМТнын колдонуучулары болуп саналат:
- администратор;
- талапкер;
- шайлоочу.
5.2. Администратор:
- “Кол чогултуу” АМТнын иштешине мониторинг жүргүзөт;
- талапкерлер жана катталган колдор жөнүндө маалыматтарды карайт;
- кол коюу барактарын жана отчётторду түзөт;
- маалыматтарды издөөнү жана чыпкалоону жүзөгө ашырат;
- колдонуучулардын аракеттеринин журналдарын карайт;
- “Кол чогултуу” АМТнын иштөө параметрлерин башкарат.
Катталган колдордун администратор тарабынан өчүрүлүшүнө жол берилбейт.
5.3. Талапкер:
- “Кол чогултуу” АМТда авторизациядан өтүүгө;
- өзүн гана колдогон чогултулган колдор жөнүндөгү маалыматтарды көрүүгө;
- катталган колдордун саны тууралуу маалыматты алууга;
- мыйзамдарда белгиленген колдордун минималдуу санына жеткенден кийин кол коюу барактарын түзүүгө;
- отчёттук материалдарды түзүүгө жана жүктөп алууга укуктуу.
5.4. Шайлоочулар бир нече талапкерди колдоп, бирок бир эле талапкерди колдоп бир гана жолу кол коюуга укуктуу.
Бир эле шайлоочунун бир эле талапкерди колдоп кайра кол коюусуна жол берилбейт.
6. “Кол чогултуу” АМТнын иштөө тартиби
6.1. Колдорду каттоо шайлоочу ийгиликтүү аутентификациялангандан жана “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу эрк билдирүүсүн ырастагандан кийин гана жүзөгө ашырылат.
6.2. Кол катталганга чейин “Кол чогултуу” АМТ:
- жарандын эрезеге жеткенин;
- мурда катталган тиешелүү талапкерди колдогон колдун бар экендигин автоматтык түрдө текшерет.
6.3. Ар бир катталган колго иреттик номер автоматтык түрдө ыйгарылат.
6.4. Иреттик номер ырааттуу түрдө түзүлөт жана бир талапкердин чегинде уникалдуу болуп саналат.
6.5. “Кол чогултуу” АМТ катталган колдордун санын саноону автоматтык түрдө жүзөгө ашырат.
6.6. Кол коюу барактары мыйзамдарда белгиленген колдордун минималдуу санына жеткенден кийин түзүлөт.
6.7. Кол коюу барактары түзүлгөндөн кийин алар “Кол чогултуу” АМТда жүктөп алуу жана сактоо үчүн жеткиликтүү болуп калат.
7. Маалыматтык өз ара аракеттенүү
7.1. Жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн “Кол чогултуу” АМТ Кыргыз Республикасынын санариптик өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу мамлекеттик маалыматтык тутумдар менен өз ара аракеттенет.
7.2. Төмөнкүлөр Тутумдун иштешине катышкан негизги маалыматтык тутумдар болуп саналат:
- “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы;
- Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри (КБМР);
- “Э-Талапкер” маалыматтык тутуму;
- жарандардын туулган датасы жөнүндө маалыматтарды алуу сервиси (ЖААК).
8. Маалыматты коргоо
8.1. “Кол чогултуу” АМТны эксплуатациялоодо төмөнкүлөр камсыз кылынат:
- колдонуучуларды идентификациялоо жана аутентификациялоо;
- кирүү укуктарын чектөө;
- жеке маалыматтарды коргоо;
- маалыматты берүүнүн корголгон каналдарын пайдалануу;
- колдонуучулардын аракеттеринин журналын жүргүзүү;
- уруксатсыз кирүүдөн коргоо.
8.2. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
9. Корутунду жоболор
9.1. Борбордук шайлоо комиссиясы “Кол чогултуу” АМТнын укук ээси жана кармоочусу болуп саналат.
“Кызмат” мамлекеттик мекемеси техникалык оператор болуп саналат.
9.2. Ушул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилет.
9.3. Ушул Жобонун талаптарынын сакталышын контролдоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
9.4. Ушул Жобо Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.