Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 661 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын
белгилөө тартиби жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө тартибин аныктайт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) ректификация – чек араны делимитациялоо учурунда белгиленген чек ара сызыгынан бир аз четтөө менен жеринде өткөрүү, мисалы, чек ара дарыясынын фарватери же дарыянын ортосу боюнча чек ара өткөн жерде коңшу мамлекет тарабынан курулган гидростанцияны тейлөө үчүн аймактын чакан участогун ага берүү же болбосо чек араны жеринде белгилөө мүмкүндүгүн камсыз кылуу үчүн аны түздөө. Берилүүчү участок кызыкдар тараптардын макулдугу менен жеринде жаңы чек ара аркылуу аныкталат;
2) цессия – мамлекеттердин ортосундагы макулдашуу боюнча белгилүү бир аймакка болгон укуктарды бир мамлекеттен экинчи мамлекетке өткөрүп берүү;
3) адъюдикация – арбитраждын же эл аралык соттун чечими боюнча аймакты ыйгаруу негизинде аймактык өзгөрүүлөр;
4) аккреция – кургактыктын чегинде табигый же техногендик жол менен пайда болуу аркылуу мамлекеттин аймагынын токтотулушу (кыскарышы);
5) чек аранын тогошуусу (трипойнт) – үч же андан көп мамлекеттин чек аралары тогошкон географиялык чекит. Мындай жерлер көп учурда туристтик жайларга айланат, аларга чекиттин уникалдуулугун баяндаган монументтер же көп тилдүү белгилер орнотулат;
6) негизги чек ара белгиси – мамлекеттик символикасы чектеш мамлекет тарапка каратып орнотулган чек ара белгиси. Негизги чек ара белгиси Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, ошондой эле жердин физикалык-географиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша мамлекеттик символикасы бар бир же бир нече негизги чек ара мамысынан жана (зарыл болгон учурларда) бир борбордук мамыдан турат;
7) негизги чек ара мамысы – алдынкы бетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, белгиленген түскө боёлгон жана катар номери бар чек ара белгисинин элементи;
8) орто аралык чек ара белгиси – чек ара сызыгын кыйла так белгилөө жана негизги чек ара белгилеринин ортосунда көрүнүүнү камсыз кылуу үчүн орнотулуучу чек ара белгиси. Орто аралык чек ара белгиси бир же бир нече орто аралык чек ара мамысынан турат;
9) орто аралык чек ара мамысы – белгиленген түскө боёлгон жана катар номери бар орто аралык чек ара белгисинин элементи;
10) атайын чек ара белгиси – жетүүгө кыйын болгон чек ара участокторуна орнотулуучу чек ара белгиси;
11) борбордук мамы – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын сызыгына түздөн-түз орнотулуучу негизги чек ара белгисинин элементи.
2-глава. Кыргыз Республикасынын чек ара белгилеринин түрлөрүнүн, формаларынын, өлчөмдөрүнүн жана конструкцияларынын сүрөттөлүшү
3. Ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын негизги чек ара белгиси төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) калыңдыгы 0,2 см кем эмес темир листинен (ошол эле катуулуктагы композиттик материалдардан) жасалган, бийиктиги 264 см, туурасынан кесилиши 18 х 22 см болгон, үстүнкү бөлүгүнүн бийиктиги 9 см болгон пирамида формасындагы мамы, анын төмөнкү четинен 20 см жана 40 см аралыкта узундугу 50 см жана диаметри 1,4 см кем эмес металл арматуралык өзөктөр орнотулат;
2) эки бөлүктөн турган, өлчөмү 82 х 78 см, борборунда өлчөмү 23 х 18 см болгон тешиги бар, борбордук бөлүгүнүн бийиктиги 10 см, четтерине карай жантайышынын бийиктиги 5 см болгон курама темир-бетон таш тилкеси, ал мамынын түбүнө орнотулат жана ак түскө боёлот.
Кыргыз Республикасынын чек арасынын негизги белгиси кызыл түскө, ал эми өлчөмү 42 см болгон үстүнкү бөлүгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун түсүнө ылайык сары түскө боёлот.
Өлчөмү 33 х 22 см болгон үстүнкү сары бөлүктүн ортосуна (пирамида формасындагы бөлүктүн түбүнө) диаметри 20 см, калыңдыгы 1 см болгон күмүш түстөгү металл пластинадан (композиттик материалдардан) жасалган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби орнотулат.
Орнотулгандан кийин мамынын жер бетинен үстүндөгү бийиктиги 200 см (таш тилкени кошуп алганда) түзөт. Мамынын эки жазы бетине тең үстүнкү бөлүгүндөгү кызыл фонго араб цифралары менен бийиктиги 10 см, туурасы 4,5 см, калыңдыгы 1 см, цифралардын ортосунда 1 см аралыкты сактап, цифраларды сары түстөгү боёктун төмөнкү четинен 5 см ылдый жайгаштырып, ортосуна кара түстөгү боёк менен негизги чек ара белгисинин катар номери жазылат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтүнөн жана катар номеринен тышкары негизги чек ара белгисинин мамысында башка белгилер каралган эмес.
4. Ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын орто аралык чек ара белгиси төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) калыңдыгы 0,2 см кем эмес темир листинен (ошол эле катуулуктагы композиттик материалдардан) жасалган, бийиктиги 176 см, туурасынан кесилиши 18 х 22 см болгон, үстүнкү бөлүгүнүн бийиктиги 9 см болгон пирамида формасындагы мамы, анын төмөнкү четинен 20 см жана 40 см аралыкта узундугу 50 см жана диаметри 1,4 см кем эмес металл арматуралык өзөктөр орнотулат;
2) эки бөлүктөн турган, өлчөмү 82 х 78 см, борборунда өлчөмү 23 х 18 см болгон тешиги бар, борбордук бөлүгүнүн бийиктиги 10 см, четтерине карай жантайышынын бийиктиги 5 см болгон курама темир-бетон таш тилкеси, ал мамынын түбүнө орнотулат жана ак түскө боёлот.
Орто аралык чек ара белгиси ак түскө боёлот, катар номери мамынын эки жазы бетине тең араб цифралары менен бийиктиги 10 см, туурасы 4,5 см, калыңдыгы 1 см, цифралардын ортосунда 1 см аралыкты сактап, цифраларды пирамида формасындагы кырынан 10 см ылдый ортосуна жайгаштырып, кара түстөгү боёк менен бөлчөк сандар менен жазылат. Бөлчөк сызыгынын калыңдыгы цифралардын калыңдыгына барабар.
Орнотулгандан кийин мамынын жер бетинен үстүндөгү бөлүгүнүн бийиктиги 120 см түзөт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби орнотулбайт.
Орто аралык чек ара белгилери негизги чек ара белгилеринин ортосуна орнотулат. Орто аралык чек ара белгилеринин саны, ошондой эле аларды орнотуу жерлери эки тараптуу демаркациялык комиссиянын өз ара макулдашылган чечими менен аныкталат.
5. Ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык борбордук мамы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) бийиктиги 100 см, туурасынан кесилиши 15 х 15 см болгон темир-бетон мамы;
2) диаметри 40 см болгон, борборунда өлчөмү 16 х 16 см болгон тешиги бар, борбордук бөлүгүнүн бийиктиги 10 см, четтерине карай жантайышынын бийиктиги 5 см болгон бүтүн темир-бетон тегерек таш тилке.
Орнотулгандан кийин мамынын жер бетинен үстүндөгү бөлүгүнүн бийиктиги 30 см түзөт.
Борбордук мамы таш тилке менен ак түскө боёлот, катар номери жазылбайт.
6. Ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын атайын чек ара белгилери чөмөлөк жана пирамида болуп бөлүнөт.
Чөмөлөк түрүндөгү атайын чек ара белгиси бийиктиги жер бетинен 120 см ашпаган, түбүнүн туурасы 80 см болгон цемент аралашмасы менен бекитилген конус сымал таш үймөгүнөн турат жана жеринде болгон таштардан жыйналат.
Пирамида түрүндөгү атайын чек ара белгиси бийиктиги жер бетинен 120 см ашпаган, түбүнүн туурасы 80 см болгон, төрт кырдуу кесилген пирамида формасындагы цемент аралашмасындагы таш кыноодон турат жана жеринде болгон таштардан жыйналат.
Чөмөлөк жана пирамида ак түскө боёлот, катар номерлери өлчөмү 30 х 30 см жана калыңдыгы 0,2 см кем эмес темир листине орто аралык чек ара мамысына окшош түрдө жазылат.
Жердин рельефин жана мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен көрсөтүлгөн атайын чек ара белгилеринин формалары, конструкциясы жана өлчөмдөрү өзгөртүлүшү мүмкүн. Мында алар даана көрүнүп турган, бекем жана узак мөөнөттүү болушу керек.