Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 29-августу № 306
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан бийиктиги 4050 метр аты жок тоо чокусуна «Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу» географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө
Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына жана 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешин Кыргыз Республикасында өткөрүүгө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
– Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан бийиктиги 4050 метр аты жок тоо чокусуна «Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу» географиялык аталышын ыйгаруу маселесин белгиленген тартипте карасын;
– үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |