Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы № 648 токтомуна)
Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
2. Бул Жобо акциялардын чыгарылышын, акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо тартибин жөнгө салат.
3. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодо чыгарылышка мамлекеттик каттоо номери ыйгарылат жана акциялар Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилет.
5. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн комиссиялык жыйым алынат, анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
6. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын толуктугу үчүн гана жоопкерчилик тартат, бирок алардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн эмитент жоопкерчилик тартат.
7. Акциялардын мурдагы чыгарылышынын жыйынтыктарын болду же болгон жок деп тааныганга чейин акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга мүмкүн эмес.
8. Акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда эмитентке баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого алуу жөнүндө чечими берилет.
9. Акционердик инвестициялык фонддун акцияларын жайгаштырууда же андан ары сатууда (сатып алынган акциялар үчүн) алар акча каражаттары менен гана төлөнүшү мүмкүн (пайданы капиталдаштыруу учурунан тышкары) жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө катары берилиши мүмкүн эмес.
2-глава. Акциялардын ачык эмиссиясы
§ 1. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо
10. Акциялардын ачык эмиссиясында акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо бир эле учурда жүзөгө ашырылат.
11. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтер берилет:
1) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз;
2) Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына жооп берген акцияларды ачык сунуштоонун шарттары (акциялардын эмиссиясында);
3) Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына жооп берген проспект;
4) эмитенттин юридикалык жак катары катталганын ырастаган документтин көчүрмөсү (эгерде эмитент мурда бул документтерди бербесе);
5) эмитенттин уставынын көчүрмөсү, анын ичинде уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор көчүрмөсү (эгерде эмитент мурда бул документтерди бербесе);
6) эмитент тарабынан акцияларды ачык сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алынганын ырастаган документтин көчүрмөсү;
7) акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн комиссиялык жыйым төлөнгөндүгүн ырастаган документ;
8) эмитенттин акыркы аяктаган үч финансылык жыл үчүн же эгерде эмитент өз ишин үч жылдан кем эмес жүргүзсө, иштеген ар бир жылы үчүн жылдык финансылык отчетунун көчүрмөсү;
9) Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген аудитордук уюмдун берилүүчү жылдык финансылык отчетуна карата корутундусу;
10) эмитенттин проспект түзүлгөн учурга карата акыркы аяктаган отчеттук квартал үчүн кварталдык финансылык отчетунун көчүрмөсү;
11) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштарына ылайык иштелип чыккан корпоративдик башкаруу кодексинин көчүрмөсү;
12) документтердин тизмеси.
12. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо жөнүндө же акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди алар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген күндөн тартып он беш жумуш күндүн ичинде кабыл алат.
13. Эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди 3 (үч) нускада берилүүчү акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти кошпогондо, бир нускада берет.
14. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон документтер баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Документтерди электрондук түрдө берүү тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
15. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган проспектте жана берилген башка документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүүгө, ошондой эле мындай текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди суроого укуктуу.
16. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмитенттен акцияларды ачык сунуштоонун шарттарына жана/же проспектке, ошондой эле акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн берилген башка документтерге аталган документтерди Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү үчүн өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүнү талап кылууга укуктуу.
17. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоого чейин акцияларды сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алууга олуттуу түрдө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон жагдайлар пайда болгон учурда эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана/же проспектти аларга ушул жагдайларды чагылдырган өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү менен берүүгө милдеттүү.
18. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алынган датадан тартып бир жумуш күндүн ичинде эмитентке төмөнкүлөрдү берүүгө (жөнөтүүгө) милдеттүү:
1) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимин;
2) катталгандыгы жөнүндө белги менен акцияларды ачык сунуштоонун шарттарынын эки нускасын;
3) катталгандыгы жөнүндө белги менен проспекттин эки нускасын.