Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 3-сентябры № 312
Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу
Улуттук шахмат академиясы жөнүндө
Эл аралык класстагы шахматчыларды даярдоо системасын өркүндөтүү, жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү үчүн заманбап базаны түзүү, шыктуу спортчуларды системалуу колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. «Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясы» мекемесин түзүү жөнүндө «Кыргыз Шахмат Союзу» юридикалык жактардын бирикмесинин демилгеси колдоого алынсын.
2. Жогорку спорттук натыйжаларды көрсөткөн спортчуларга, ошондой эле машыктыруучуларга эл аралык мелдештерге жана окуу-машыгуу жыйындарына катышуу, инвентарь сатып алуу жана «Кыргыз Шахмат Союзу» юридикалык жактардын бирикмеси тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык кесиптик өнүгүүгө байланышкан башка маселелерди чечүү үчүн сыйлоо түрүндө мамлекеттик колдоо чаралары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) «Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясы» мекемесин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоону камсыз кылсын;
2) «Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясы» мекемесине колдонуудагы мыйзамдарга ылайык уставдык ишин жүзөгө ашыруу үчүн жайларды акысыз убактылуу пайдаланууга берсин;
3) бул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |