Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 4-сентябры № 600
Кыргыз Республикасынын Талас облусунда мунайды кайра иштетүү кластерин куруу боюнча иштерди уюштуруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17, 18-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Талас облусунда мунайды кайра иштетүү кластерин куруу боюнча инвестициялык макулдашуунун долбоорун даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары – ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2026-жылдын 11-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Талас облусунда мунайды кайра иштетүү кластерин куруу боюнча инвестициялык макулдашуунун долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды (макулдашуу боюнча) белгиленген тартипте тартууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ведомстволор аралык жумушчу топтун жумушчу органы болуп аныкталсын жана ага ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыз кылуу жүктөлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Кыргыз Республикасынын Талас облусунда мунайды
кайра иштетүү кластерин куруу боюнча инвестициялык макулдашуунун долбоорун даярдоо боюнча
ведомстволор аралык жумушчу топтун
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;