КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 6-октябры № 149
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 114-беренеде:
а) "Калктуу" деген сөз "1. Калктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса -
20 саатка коомдук жумуштарга тартууга алып келет.";
2) 115-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса -
20дан 30 саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга алып келет.";
3) 454-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) укук бузуулар жөнүндө протоколдор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү ушул Кодекстин 114-беренесинин 2-бөлүгү, 115-беренесинин 4-бөлүгү боюнча.";
4) 492-беренеде:
а) биринчи абзацта "113-124-беренелеринде" деген сөздөр "113-беренесинде, 114-беренесинин 1-бөлүгүндө, 115-беренесинин 1-3-бөлүктөрүндө, 116-124-беренелеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Кодекстин 114-беренесинин 2-бөлүгүндө, 115-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзөт жана аларды кароо үчүн сотко жиберет.";
5) 561-беренеде:
а) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) электрондук-техникалык контролдоо каражаттарын пайдаланышат.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Электрондук-техникалык контролдоо каражаттары - коомдук жумуштардын аткарылышын контролдоо үчүн арналган түзүлүштөр жана программалык камсыздоо.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-октябрындагы № 76 (3836) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 16-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |