Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 6-октябры № 148
Мамлекеттик органдар тарабынан адамдарга кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу билдирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 13-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 104-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Административдик процесстин катышуучулары соттук жыйналыштын же өзүнчө процесстик иш-аракетти өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө сот тарабынан кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервисинин жардамы аркылуу сот тарабынан кабарландырылат.
Билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлоо тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт.
Мында берилген тексттин сотто калуучу жана ишке тиркелүүчү көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, кабарлоону жүзөгө ашыруунун ыкмасы, аны өткөрүп берүүнүн датасы жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт.
Эгерде кабарлоо билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жиберилсе, ал көрсөтүлгөн сервис аркылуу тапшырылган болуп эсептелет жана бул жөнүндө санариптик жазуу менен ырасталат.
Билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарлоолорду (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Эгерде кабарлоо дарек ээсине же анын өкүлүнө түздөн-түз сотто же болбосо анын турган жери боюнча тапшырылса, мындай тапшыруу кол койдуруу аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Иштин материалдарында административдик процесстин катышуучусунун уюлдук телефонунун номери жана электрондук почтасынын дареги жок болгон учурда, кабарлоо юридикалык жактын сотко белгилүү болгон акыркы турган жери же жеке жактын жашаган жери боюнча дарек ээсине тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо аркылуу тапшырык кат менен жиберилет.";
б) 4-бөлүктө "сот актыларынын көчүрмөлөрүнүн" деген сөздөр "кабарлоонун" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 107-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пунктчада "соттук актысынын көчүрмөсүн" деген сөздөр "кабарлоону" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-4-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) эгерде почталык кабарлоого карабастан, дарек ээси белгиленген тартипте сот тарабынан жиберилген кабарлоону алуу үчүн келбесе, бул жөнүндө байланыш органы сотко маалымдаса;
3) эгерде юридикалык жактын сотко белгилүү болгон акыркы турган жери, жеке жактын жашаган жери боюнча сот тарабынан жиберилген кабарлоо көрсөтүлгөн дарек боюнча дарек ээсинин жоктугуна байланыштуу тапшырылбаса, бул жөнүндө байланыш органы сотко маалымдаса;
4) эгерде кабарлоо сот тарабынан жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси, тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын ушуга окшош формалары аркылуу жиберилгендиги жөнүндө сотто маалыматтар бар болсо.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 128-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын же айрым процесстик аракеттерди жүргүзүүнүн убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат. Ишке катышуучу жактарды жана процесстин башка катышуучуларын сотко чакыруу кабарлоону жөнөтүү жана алуу фактысын жазууга мүмкүндүк берүүчү билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жүргүзүлөт.
Билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда кабарлоо тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмаларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда кабарлоо соттун чакыруу каты менен жүзөгө ашырылат.
Мында берилген тексттин сотто калуучу жана ишке тиркелүүчү көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, кабарлоону жүзөгө ашыруу ыкмасы, аны өткөрүп берүүнүн датасы жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт.
Билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарлоолорду (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
б) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-бөлүктүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
2) 131-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) эгерде кабарлоо тиешелүү кабарлоо сот тарабынан жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси, тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жиберилгендиги жөнүндө соттун маалыматтары бар болсо.";
3) 3187-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат. Кабарлоолор жана чакыруу каттары процесстин катышуучуларына ушул Кодекстин 128-беренесинин эрежелери боюнча жөнөтүлөт.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
545-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"545-берене. Кабарландыруу
Сот же ыйгарым укуктуу орган ишти кароо же башка процесстик аракеттерди жүзөгө ашыруу башталганга чейин 24 сааттан кечиктирбестен укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларына ишти кароонун датасы жана орду, айрым процессуалдык аракеттер жөнүндө тиешелүү кабарландыруу жөнөтүлгөн жана дарек ээси алган фактысын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлайт, ишти кароого же башка процессуалдык аракеттерди жүзөгө ашырууга катышуу үчүн аларды чакырат.
Билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарландыруу жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарландыруу тиешелүү кабарландыруу жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмаларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда кабарландыруу кол койдуруп алуу менен тапшырылгандыгы жөнүндө тапшырык кат менен жөнөтүлүүчү соттун чакыруу кагазы аркылуу жүзөгө ашырылат.
Билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарлоолорду (кабарландырууларды, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 102-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Иш жүзүндө кармалгандан кийин тергөөчү шектүүнүн кармалгандыгы жөнүндө анын жакын туугандарынын кайсы бирөөнө, жубайына, ошондой эле адвокатына кабарламаны жиберүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу токтоосуз кабарлоого милдеттүү.
Кабарламаны көрсөтүлгөн сервис аркылуу жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлама тиешелүү кабарлама жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт.
Тергөөчү шектүүнүн өзүнө да акысыз кабарлоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.
Жүргүзүлгөн кабарлоо жана аны жүзөгө ашыруунун ыкмасы тууралуу тиешелүү белги кармоо жөнүндө токтомго коюлат.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
2) 196-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Күбө, жабырлануучу, ошондой эле эркиндикте жүргөн шектүү же болбосо айыпталуучу суракка чакыруу кагазын жөнөтүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жиберилүүчү чакыруу кагазы менен чакырылат. Анда ким жана кандай сапатта, кимге жана кайсыл дарекке чакырылып жаткандыгы; суракка келүү убактысы (күнү, сааты), адвокатты чакыруу укугу, ошондой эле жүйөлүү себептерсиз келбей коюунун кесепеттери көрсөтүлүүгө тийиш.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу чакыруу кагазын жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, чакыруу кагазы тиешелүү чакыруу кагазы жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, кабарлоо кол койдуруп алуу менен тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоосу бар тапшырык кат аркылуу жиберилүүчү чакыруу кагазы менен жүзөгө ашырылат. Чакырылуучу жок болгон учурда, ага өткөрүп берүү үчүн чакыруу кагазы анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бирине колун койдуруп алуу менен тапшырылат.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
б) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 226-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн жыйынтыгында укуктары чектелген адамдар чектөөнүн орун алгандыгы тууралуу тергөөчү тарабынан кабарламаны жиберүү жана алуу фактысын жазууга мүмкүндүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабардар болууга тийиш.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлама жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлама тиешелүү билдирүү жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
4) 242-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эркиндикте жүргөн айыпталуучу суракка чакыруу кагазын жиберүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жиберилүүчү чакыруу кагазы менен чакырылат.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу чакыруу кагазын жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, чакыруу кагазы тиешелүү чакыруу кагазы жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушул сыяктуу формалары аркылуу жөнөтүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, кабарлоо колун койдуруп алуу менен тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоосу бар тапшырык кат аркылуу жиберилүүчү чакыруу кагазы менен жүзөгө ашырылат. Чакырылуучу жок болгон учурда, ага өткөрүп берүү үчүн чакыруу кагазы анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бирине колун койдуруп алуу менен тапшырылат.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду чакыруу кагаздарын документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 247-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Тергөөнү токтото туруу менен тергөөчү бул тууралуу жабырлануучуга жана (же) анын өкүлүнө кабарламаны жиберүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоого, ошондой эле тергөөнү токтото туруу жөнүндө токтом боюнча прокурорго 5 сутканын ичинде даттанууга мүмкүн экендигин, бир эле убакта ага (аларга) түшүндүрүүгө милдеттүү. Ушул Кодекстин 246-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча тергөө токтотулуп турган учурда, айыпталуучуга жана анын адвокатына ушундай эле тартипте кабарланат.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлама жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлама тиешелүү кабарлама жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
6) 249-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Тергөөнүн кайра башталышы жөнүндө шектүүгө, айыпталуучуга жана адвокатка, ошондой эле жабырлануучуга жана (же) анын өкүлүнө кабарламаны жиберүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу билдирилет.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлама жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлама тиешелүү кабарлама жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
7) 258-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ишти кыскартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн тергөөчү прокурорго жөнөтөт, бир эле учурда кыскартуунун негиздерин көрсөтүү менен ал боюнча иш кыскартылып жаткан адамга, жабырлануучуга, алардын арызы боюнча тергөө башталган адамга жана (же) уюмга кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлайт жана аларга даттануу укугун түшүндүрөт.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлоо тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
8) 260-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Иш боюнча өндүрүштүн кайра башталганы жөнүндө шектүү, айыпталуучу, алардын адвокаты, жабырлануучу жана анын өкүлү, ошондой эле алардын арызы боюнча иш козголгон адам же уюм кабарлоону жиберүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарландырылат.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлама жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлама тиешелүү кабарлама жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
9) 279-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Тараптарды соттук отурумга чакыруу жөнүндө кабарлама ушул Кодекстин 282-беренесинин эрежелери боюнча алдын ала угуу өткөрүлүүчү күнгө чейин 3 суткадан кем эмес убакытта жөнөтүлүүгө тийиш.";
10) 280-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Тараптар соттук отурумдун орду, датасы жана убактысы жөнүндө ушул Кодекстин 282-беренесинин эрежелери боюнча ал башталганга чейин 5 суткадан кем эмес убакытта кабардар кылынууга тийиш.";
11) 282-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ишке катышып жаткан жактарды жана процесстин башка катышуучуларын сотко чакыруу кабарлоону жиберүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлоо тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Көрсөтүлгөн ыкмаларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, кабарлоо кол койдуруп алуу менен тапшырылгандыгы жөнүндө кабарламасы бар тапшырык кат аркылуу жиберилүүчү соттун чакыруу кагазы менен жүргүзүлөт.
Мында берилген тексттин сотто кала турган жана ишке тиркеле турган көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, кабарлоону жүзөгө ашыруунун ыкмасы, аны берген датасы жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
12) 404-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Өкүм чыгарган же башка даттаныла турган чечим чыгарган сот берилген даттануулар же сунуштар жөнүндө кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлайт жана алардын көчүрмөлөрүн айыпталуучуга же акталган адамга, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонулуу жөнүндө өндүрүш жүргүзүлгөн же жүргүзүлүп жаткан адамга, адвокатка, айыптоочуга, жабырлануучуга жана (же) анын өкүлүнө жиберет.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлоо тиешелүү билдирүү жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт.
2. Тергөө судьясы берилген даттануулар же сунуштар жөнүндө кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлайт жана алардын көчүрмөлөрүн шектүүгө, айыпталуучуга, адвокатка, жабырлануучуга, анын өкүлүнө жана прокурорго жөнөтөт.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлоо тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушул сыяктуу формалары аркылуу жөнөтүлөт.";
13) 411-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Иш апелляциялык даттануу же сунуш менен келип түшкөндө судья-баяндамачы апелляциялык инстанцияга кылмыш иши келип түшкөн күндөн тартып 14 күндөн кечиктирбестен соттун отурумун дайындоо жөнүндө аныктама чыгарат, анын убактысы жана өтүүчү жери тууралуу тараптарга ушул Кодекстин 282-беренесинин эрежелери боюнча кабарлайт.";
14) 443-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Даттануу жана (же) сунуштама берилгендиги жөнүндө биринчи инстанциядагы сот ишке катышуучу адамдарга кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлайт жана 5 күндүн ичинде ишти Жогорку сотко жөнөтөт. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлоо тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт.".
5-берене.
"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 15-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 23-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Сот аткаруучу өзүнүн демилгеси боюнча же аткаруу өндүрүшүнө катышып жаткан адамдардын арызы боюнча токтомдо алар тарабынан жол берилген жаңылыш жазууларды же даана арифметикалык каталарды оңдоого укуктуу, бул тууралуу өзүнчө токтом чыгарат, ал ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттанылышы мүмкүн.
Сот аткаруучунун токтому ал чыгарылган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде тиешелүү документ жиберилген жана дарек ээси алган фактысын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу аткаруу өндүрүшүнө катышкан тиешелүү адамдарга жөнөтүлөт.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу документ жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, документ кагаз жүзүндө жөнөтүлөт.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
2) 43-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдар аткаруу иш-аракеттери жөнүндө жана мажбурлап аткаруу чаралары жөнүндө тийиштүү кабарлоону жиберүү жана дарек ээсинин алуу фактысын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарландырылат.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлоо тиешелүү билдирүү жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Аткаруу өндүрүшүнө катышкан жакка даректелген кабарлоо же чакыруу кагазы аткаруу документинде көрсөтүлгөн дарек боюнча, же болбосо тийиштүү маалыматтар болгон учурда кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жиберилет.
Адам башка даректи, анын ичинде кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоолорду жиберүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды көрсөтүүгө укуктуу.
Кабарлоо же чакыруу кагазы аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдын иштеген жери боюнча да жөнөтүлүшү мүмкүн.";
3) 45-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эгерде кабарлоо же чакыруу кагазы кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси же болбосо электрондук байланыштын башка түрү аркылуу жиберилсе, аларды жиберүү жана дарек ээсине жеткирүү датасы жана убактысы маалыматтык тутумда же болбосо башка белгиленген ыкма менен катталат.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жөнөтүлгөн кабарлоо же чакыруу кагазы жеткирилгендиги тууралуу маалыматтар маалыматтык тутумда болгон учурда алар жеткирилди жана талаптагыдай тапшырылды деп эсептелет.";
б) 6-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде кабарлоо же чакыруу кагазы дарек ээсине ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жиберилсе, жак дагы талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет.";
4) 46-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"46-берене. Аткаруу өндүрүшүн жүргүзүү убагында даректи алмаштыруу
1. Аткаруу өндүрүшүнө катышып жаткан адам өзүнүн дарегинин алмашканы жөнүндө сот аткаруучулар бөлүмүнө билдирүүгө, ошондой эле кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоолорду жиберүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүгө жана актуалдаштырууга милдеттүү.
2. Мындай билдирүү жок болгон учурда кабарлоо же чакыруу кагазы көрсөтүлгөн адамдын белгилүү болгон акыркы дареги боюнча же болбосо тиешелүү маалыматтар болгон учурда кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жиберилет жана аталган жак бул дарек боюнча мындан ары жашабаганына же турбаганына, же болбосо тиешелүү байланыш каражаттарын иш жүзүндө пайдаланбаганына карабастан, талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет.".
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-октябрындагы № 76 (3836) саны менен жарыяланды.